Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:35

АЗИМ ИСАБЕКОВ "АЗАТТЫККА" ИНТЕРВЬЮ БЕРДИ: «БААРДЫК КӨНҮЛ ЭКОНОМИКАГА БУРУЛАТ»


Азим Исабеков бүгүн Жогорку Кеңеште премьер-министр кызматына бекитилди. Жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында 61 депутаттын ичинен 57 депутат анын талапкерлигин колдоп добуш берди. Азим Исабеков Жогорку Кеңеште премьер-министр кызматына бекилип чыккандан кийин дароо эле «Азаттыктын» кабарчысынын айрым суроолоруна жооп берди.

- Азим мырза, премьер министрлик кызматка шайланышыңыз менен. Сизге алгачкы суроом, эртең өкмөттүн ишин эмнеден баштайсыз?

- Эртең структураны алып келишим керек, аны карайбыз. Андан кийин чоң экономикалык блок боюнча мыйзам долбоорлору бар, Өкмөт жөнүндө мыйзам бар. Ошолорду карашыбыз керек. Мен жана өзүмдүн сөзүмдө да айтып кеттим, экономикага жана экономикага көңүл бурушубуз керек. Бүт алгачкы кылган кадамдардын баары тең экономикага байланыштуу болот.

- Өкмөттүн курамында олуттуу өзгөрүүлөр болот дедиңиз. Канча министрлик кыскарат, же кошумча болобу?

- Мен муну азыр так айта албайм, бирок өзгөрүүлөр болот.

- Коомчулукта көйгөйлүү маселелердин бири коррупция маселеси болуп келатат. Коррупция менен кандай күрөшөсүз?

- Депутаттардын арасында суроо бергенде да мен жооп бердим. Биринчи ирет, өзүнчө саясатты аныктап алышыбыз керек. Экинчиден, кадр маселесин такташыбыз керек. Үчүнчүдөн, катуу тартип болуш керек.

- Коомчулукта ХИПК программасы абдан дүрбүткөн маселе болуп атат, ушул ХИПК программасын колдойсузбу, же каршы болосузбу?

- Эң биринчиден өлкөгө пайдалуу нерсени гана колдойм.

Маектешкен Аманбек Дилденбай

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG