Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

БИРИККЕН ФРОНТ БИШКЕКТЕ ЖӨӨ ЖҮРҮШКӨ ЧЫКТЫ (cүрөт баян)


Бириккен фронттун жактоочулары бүгүн кечинде митингден кийин мамлекеттик маанилүү объектилерге карай жөө жүрүш жасашты. Байкоочулар жөө жүрүш акциясына чыккандардын катары арбып, аянттагы жыйналгандан эки эсе көбөйүп кеткенин белгилешүүдө. Аянтка чогулган эл болжол менен үч миң менен беш миңдин ортосунда деп айтылып жаткан. Митингичилердин катарына көчөлөрдөн улам жаңы адамдар кошулуп жатышты. Жөө жүрүшкө чыккандар адегенде ИИМдин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратына барышып, андан соң парламент алды менен Өкмөт үйүнүн алдына келишти. Митингичилер аларга президент К. Бакиевдин чыгышын талап кылып, ураан чакырыктарын кыйкырышты. Уюштуруучулардын айтымында, бул жерден жөө жүрүш акциясы УТРКны көздөй уланмак. Бирок, кеч болуп кеткенине байланыштуу митингичилер бул оюнан бүгүн баш тартышты. УТРКга жөө жүрүш эртең саат үчтө болот. Тартип сакчылары митингичилер менен кагылышууга барбай, өздөрүн сабырдуу кармап, тартипти көзөмөлгө алып турушат (KCh).



















XS
SM
MD
LG