Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:38

Т.АКУН: АКСЫ ОКУЯСЫ БОЮНЧА БАШКЫ АЙЫПКЕРЛЕР БИШКЕКТЕ


Бүгүн Бишкек шаардык гарнизондук аскер соту Жалалабат облусунун мурдагы губернатору, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Султан Урманаевге таандык сот ишин кароого киришет. Урманаевге Башкы прокуратура Аксы окуясы боюнча былтыр айып тагып, бирок экс-губернатордун депутаттык кол тийбестиги бар үчүн сот иши убактылуу токтотулган болчу. Аксы окуясына байланыштуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун жооп берди.

-Турсунбек мырза, Султан Урманаев сот иши териштирилип жаткан төртүнчү мамлекеттик кызматкер. Өзүңүз билгендей, буга чейин бирөө акталып, экөө соттолгон. Кандай деп ойлойсуз, экс-губернатордун сотко келиши Аксы окуясын аягына чыгарууга кандайдыр бир түрткүнчүк, себеп боло алабы?

-Мен бир себеп боло алат дегенден алысмын. Бирок мурдагы губернатор Султан Урманаевдин ошол жерде кандай күнөөсү болгону тууралуу өз пикиримди айтсам. Ал киши эгерде ошол жерге 16-мартта келгенде башкача болмок. Карыпкуловдун айтуусу боюнча орто жолдон кайтып кеткен. Эгерде ал Каражыгач айылына келгенде эртеси күнү, 17-мартта эл көтөрүлүп чыкпайт эле, балким кан төгүлмөк эмес. Бирок эртеби-кечпи баары бир кан төгүлмөк. Ошол ириң толуп турган да. Орто жолдон кетип калбай келиш керек эле.

Бирок Аксы окуясы боюнча күнөөлөнүп жаткан мамлекеттик чиновниктердин ичинен башкаларга салыштырмалуу аксылыктарга дагы жакшы мамиле жасаган, колдон келген аракеттерди жасаган ошол Урманаев. Менимче, Урманаевди соттоо менен эле Аксы окуясы боюнча күнөөлүүлөрдү жасалап салабыз деп айтууга болбойт. Эң негизги күнөөлүүлөр алар эмес да. Эң негизгилери башкалар, алар Бишкекте турат. Ошол чиновниктерди айыпташ керек деген оюм бар.

-Турсунбек мырза, Султан Урманаев буга чейин депутат кезинде дагы “мен бийликке каршы оппозицияда болгон үчүн бул саясий кызыкчылыктан ушундай доо коюлуп жатат” деп айтты эле. Сиздин, Султан Урманаевдин күнөөсүн көрбөй жатам деп айтканыңызга караганда эмне үчүн кылмыш иши козголду, максат эмне болушу мүмкүн?

-Султан Урманаевге саясий кызыкчылыктын айынан кылмыш иши козголуп жатат дегенге мен деле толук кошула албайм. Бирок андай дагы болгон. Анткени ал киши саясий пикеттерге жана башкаларга катышып жүргөн. Ошондой жактары бар. Бирок негизи Султан Урманаевден башка деле адамдарды күнөөгө тартып жатпайбы. Аксы окуясына тиешеси бар адамдарды сурап жатат. Ошон үчүн бул жерден аны бир жактуу айтпаш керек. Бирок Султан Урманаев эл менен бийликти жакындатуу үчүн көп аракеттерди көргөн.

-Турсунбек мырза, укук коргоочулар, аксылык жабырлануучулар дагы “Аксы окуясы эч качан акырына чыкпайт, ар бир бийлик аны өзүнүн саясий кызыкчылыгына пайдаланып, ушундан ары деле кете берет” деп жатышат. Сиз жаңы шайланган акыйкатчы катары Аксы окуясынын жабырлануучуларынын кызыкчылыгы үчүн кандайдыр бир аракеттерди көрүшүңүз мүмкүнбү?

-Аксы окуясынын аягына чыкпаган себеби, эң күнөөлүү деп эсептелген Карыпкулов баштап акталып кеткен адамдар бар. Бул эми акыйкатчынын иши деп мен айта албайм. Бул негизи укук коргоо органдарынын иши. Акыйкатчы тергөө органдарына, же сот органдарына кийилигишип, “тигиндей, же мындай кыл” деп айта албайт. Акыйкатчы колдон келген аракетин көрө алат. Бул иштерди аягына чыгышыбыз керек эле. Бирок мындай болбой жатат. Ошол эле Калбаев жана башкалар ушуга чейин акталып кетти да. Негизги жергиликтүү күнөөлүүлөр ошолор. Бул жактагы чоң күнөөлүүлөр Карыпкулов баштап, акталып жатышат.

-Турсунбек мырза, буга чейин бир топ адамдар “азыркы президент, ошол кездеги өкмөт башчы Курманбек Бакиевдин дагы күнөөсү бар болчу, моралдык жооп бериши керек эле, сотко чакырылыш керек” деп жатышат. Сиз буга кандай карайсыз?

-Менимче, эгерде Курманбек Бакиевди сотко чакырса, ал андан баш тартат дегенден алысмын. Бирок 19-мартта 20 миң киши турганда, ошол кездеги бийликтен эч ким келбей коюп, Бакиев келбедиби. Бир жактуу күнөөлөй бергенден алыспыз да. Мен президент деп айтып жаткан жокмун. Ошол кезде 20 миң кишини келип, токтотуп калган Бакиев болбоду беле.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG