-Мен азыр 30-35 мүнөт мурда Курманбек Салиевич менен сүйлөштүм. 28-мартта Бишкекке келет, ден соолугу жакшы, келер замат аэропорттон интервью беребиз, анан кийинки күнү ошол замат Акүйдө биз чоң иш-чара даярдап жатабыз, ага Курманбек Салиевич өзү катышат. Ошон үчүн айтат элем, ал сөздөр туура эмес.
-Бөйрөгүнөн операция болду деген сөздөр дагы айтылып жатат...
-Анын бардыгы калп. Ушундай калп сөздөргө жөн гана таң каласың да. Курманбек Салиевичтин ден соолугу жакшы, өзүңөр 28-мартта көрөсүңөр.
-Ал эми азыр президент кайсы жерде?
-Курманбек Бакиев Германияда.
-Германияда болгонун билебиз, бирок ооруканадабы же...
-Жок, ооруканада эмес, азыр бассейнге түшүп, атайын процедуралардан өтүп жатат. Азыркы учурда бассейнге түшүп жатат.
-Анда башкача айтканда абалы жакшы турбайбы?
-Ооба, жакшы Мээрим. 28-мартта өзүңөр көрөсүздөр.
-Медет мырза, эмне себептен ушундай ушак сөздөр чыгып кетти деп ойлойсуз?
-Менимче, бизде бул эски проблема. Бул биздин саясий маданият. Бизде маданият жок экен. Мисалы мен президенттин администрация башчысы катары дагы бир жолу өзүм көрүп жатам бизде маданият жок болгонун. Саясий маданият жок, буюрса бул дагы келечекте келет. Мен буга ишенем. Мисалы, ошон үчүн кокусунан эмес да, биз өткөн жылы Конституциялык реформаны өткөрүп, парламентке партиялык тизме менен шайлоону өткөрүп алдык. Менимче, аз-аздан маданият келет. Менимче, бул саясатчылардын маданият маселеси.
-Медет мырза, мына президент Курманбек Бакиев эмгек эс алуусуна 3-мартта кеткени расмий жарыяланбадыбы, анда дагы бул маалымат коомчулукка Ревкомдун төрагасы Азимбек Бекназаров ачыктагандан кийин гана белгилүү болуп отурат...
-Жок-жок. Мээрим, мен ачык эле айтып коеюн. Биз аны даярдап жатканбыз. Биздин вариантыбыз ММКга кеткен. Бул дагы баягы менимче маданият проблемасы да. ММКга кеткен жерден 5 мүнөт эрте угуп алып эле берип койгон да. Негизи маалымат биздин маалымат кызматыбыздан кеткен, 3-март күнү. Ошон үчүн жашыруун проблема болгон эмес.
-Бирок ошентсе дагы ал эмгек эс алуусуна 3-мартта эмес, 28-февралда кеткен деген маалыматтар айтылып жүрөт.
-3-марттан баштап эс алуусу башталган. Ошон үчүн Курманбек Салиевич Германияга барган, медициналык текшерүүдөн өткөн. Анан майда-барат проблема ар бирибизде бар да. Бирок ал жанагындай айтылып жаткан проблемалар эмес, профилактикадан өтүп жатат, бассейнге түшүп жатат.
-Айтылгандай эле ошол 16-мартка чейин деп кабарланды эле, эмне себептен сапары уланып кетти?
-Бир чоң ден соолук проблемасы эмес ал. Өзүңөр көрөсүңөр, азыр ден соолугу жакшы. Проблема жок, 28-мартта келгенде, ошол эле замат ишке чыгат. Мээрим, муну силер дагы, ММКлар, проблема кылбагыла да. Негизи биздин президентибиз өзүңөр байкасаңар, акыркы үч жылда бир дагы жолу эс алган жок. Биринчи жолу профилактикалык текшерүүдөн өттү, болгондо дагы Германиядан. Негизи бул дагы жакшы, президент үчүн дагы, мамлекет үчүн дагы.
Азыр бардык текшерүүдөн өттү, жүрөгү таптаза, бөйрөктөрү дагы таптаза экен, боор маселеси боюнча азыр кандай ушактар болуп жатат, ал дагы таптаза. Эч кандай проблема жок. Муну ачык эле айтып койсоңуз болот. Силер дагы азыр суроо берип жатпайсыздарбы, бул проблеманы Садыркулов жашырып жатат деп. Мен ачык айтып коеюн, эч кандай проблема жок. 28-мартта келгенде, эгерде мен калп айтсам, ошону өзүңүздөр көрөсүздөр. Ошон үчүн биздин элибизге ушул маалыматты жеткирип койгула. Ушуну мен суранам.
-Медет мырза, анда маегиңизге рахмат.