Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

К.ТЕЗЕКБАЕВ: САЯСИЙ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮМ ҮЧҮН ЗАПКЫ ТАРТТЫМ


Ош облгубернаторунун мурдагы 1-орунбасары Кушбак Тезекбаев өзүнүн соттолуу себебин президенттин иниси Жаныш Бакиевдин аты менен байланыштырууда. Мындай пикирин ал бир нече ирет маалымат каражаттарына таркаткан. Анын доо арызы ушул аптада Жалалабат облустук сотунда каралганы турат. “Акжол” партиясынын Жалалабаттагы жаштар канатынын төрагасы Майрамбек Адылбеков, Тезекбаев жоопкерчиликтен качуу максатында күнөөнү Жаныш Бакиевге оодара салып жатканын билдирди.

Бир жылга жакын убакыттан бери абакта олтурган Кушбак Тезекбаев кызмат абалынан пайдаланып, Орусиядан келген кайрымдуулук жардамын мыйзамсыз таркаткан деп айыпталууда. Жалалабат шаардык соту аны апрель айында күнөөлүү деп таап, күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратып, бир миллион сом айып пул салган. Өкүмдү жокко чыгарууну талап кылган Ош облгубернатордун мурдагы 1-орунбасары Жалалабат облустук соттук коллегияга доо арыз жолдогон. Бирок, Кушбак Тезекбаев өзүнүн камалышын саясий буюртма катары кароодо. Анын белгилешинче ал былтыр өкмөттүк жыйынга чакырылып, Бишкекте кармалган. Кылмыш ишин борбордун 1-Май райондук жана Ош шаардык соттору да карабай, Жалалабатта чечилип жатканы жогору жактан көрсөтмө берилгенин айкындайт, дейт Кушбак Тезекбаев:

- Менин ишимди алып, 2 ай текшерип туруп Тезекбаевди камай албайбыз деген корутунду берип, Жогорку сотко ишти кайтарган. Ал жактан Бишкекке 1-Май сотуна берген. Мени Ошто сот болот деп алдап, Жалалабатка алып келип туруп булар өзүнүн кардуу ишин көрсөтүп атышат. Сотто мен 100 пайыз далилдеп бердим.

Жалалабат облустук соту Тезекбаевдин аппеляциялык арызын кароону ушул жумада улантканы турат. Облустук прокурордун орунбасары Талант Аккозуевдин айтымында, Тезекбаев кылмыш кодексинин 304-, 315-, 171-беренеси боюнча жооп берүүсү керек. Анткени ага ишенип берилген мүлктү жок кылган жана расмий документтерди жасалгалаган деген күнөөлөр коюлган:

- Кызмат адамы тарабынан жасалган кылмыш иш деп эсептелет. Ал кылмыш иштин биринчиден, бирден-бир себеби Орусия мамлекетинен 2006-жылы гуманитардык жардамга келген кийим-кече, дары-дармектерди стихиядан жапа тарткан адамдарга таркатыла турган нерсени башка адамдарга берип жиберген фактылары боюнча козголгон кылмыш иш болду.

Кушбак Тезекбаев эл алдында абийири таза жана мамлекеттик каражаттын бир сомуна да кара санабаганын билдирүүдө. Маалымат каражаттарына өзүнүн камалышына тиешелүү деп президенттин иниси Жаныш Бакиевдин ысымын атап келатат. Март ыңкылабынан кийин ага сөз кайтарып койгондугум үчүн адам укугу сакталбаган жертөлөдө азап тартып келатам дейт губернатордун экс 1-орунбасары:

- Кысымды катуу жасап атышат. Муну уюштуруп аткан президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиев. Жаныш Салиев эч жерде иштебей туруп чогулуштарды өткөргөндө мен барбай койгом, мен президентти гана угам, сени укпайм деген жазыгым үчүн мени бир жылдан бери кыйнап атышат. Түштүккө Жаныш келип хан болуп алган. Сотко эч ким келип менин көзүмө бир жаман сөз айта алган жок. Жөн эле өмүрүмдү түрмөдө кысып атышат. Буларга менин өмүрүм керек экен, - деген оюн айтты Кушбак Тезекбаев.

Анын пикири менен Жаныбек Бакиевдин Жалалабаттагы жактоочулары макул эмес. «Ак жол» партиясынын жаштар канатынын төрагасы Майрамбек Адылбековдун көз карашында Тезекбаевдин Бакиевдердин наамына айткан сөзү негизсиз жана актануунун амалы. Партиянын штабында иштеп жүрүп бир да жолу Жаныш Бакиевдин сот, же укук коргоо уюмдарынын ишине кийлигишкенин көргөнүм жок:

- Жаныш Бакиев чогулушка чакырбаганда барбагандыктан эле ушунчалык куугунтук жеп атуу деген бул болбогон сөз деп айтууга негиз бар. Кантип эле чогулушка келбей койгон адамды каматууга чейин алып барсын. Бул жерде Жаныш Бакиевдин мен ойлойм эч кандай тиешеси жок деп. Болгону Кушбак Тезекбаев кылган ишине жазасын алып жатат. Жаныш Бакиев тарабынан бүгүнкү күндө мамлекеттик орган, түштүк регионундагы ар бир атуулга эч кандай таасири, мамлекеттик бийликке кийлигишүүсү, жарандык процесстерге эч кандай кийлигишүүсү жок деп эсептейм,- деп айтты «Ак жол» партиясынын өкүлү Майрамбек Адылбеков.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG