Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:57

МЭРГЕ “МЭЭР” ЭМНЕДЕН КЕТТИ?


7-июлда Бишкек шаарынын мэри Данияр Үсөнов кызматтан алынды. Анын ордуна “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башчысы Нариман Түлеев дайындалды.Данияр Үсөнов жаңыдан түптөлө турган “Өнүктүрүү фондун” башкара турган болду. Бирок, шаар башчысы болуп сегиз ай иштеп-иштебеген Данияр Үсөновдун кызмат которуусунун сыры эмнеде? Адахан Мадумаровго жакындыгындабы, же коюлган милдетти дурустап аткара албагандыгындабы?

Адахан Мадумаров менен Данияр Үсөнов 2005-жылы март ыңкылабынан кийин тандем түзүп, өз алдынча президенттик шайлоого баруу ниетин билдиришкен. Бирок анда “кел-кели” келип турган Курманбек Бакиев аларды жанына чакырып, андан кийин экөө президенттин эң ишенимдүү адамдарына айланган. Айрым талдоочулар президент менен бул эки саясатчынын ортосунан “кара мышык” март айында президенттин оорусу учурунда өткөндүгүн айтып келет. Андай пикирди айткандар, президенттин ден-соолугуна байланыштуу ушактарды ушу экөө таратып эле калбастан чоң пландарды түзө башташкан дегенди да кошумчалашат. Кандай болгон күндө, мына ошол окуядан кийин май айында Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин төрагалыгы кызматынан алынды. Андан кийин Мадумаров парламентке алып келген кызматкерлер четтен айдала баштады. Алгач төраганын басма сөз катчысы, андан кийин Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын башчысы Нурланбек Матыев, аппарат башчысы Эмил Шерматов кызматынан четтетилди. Эми мына Мадумаровдун жакын санаалашы Данияр Үсөнов Бишкек мэри кызматынан алынды.Президенттин бул кадрдык чечимин саясат таануучулар жана саясатчылар эки себеп менен байланыштырып жатат.

Парламенттеги социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Мурат Жураев Үсөновдун Бишкек мэрлигинен алынып, али түптөлө элек “Өнүктүрүү фондуна” башчы болуп дайындалышын төмөндөө катары баалап, буларга токтолду:

- Бул Салымбеков, Керимкулов, Ногоевден кийинки төртүнчү мэр. Ушулардын ичинен эң начар иштегени Данияр Үсөнов болду. Андай-кылам, мындай кылам деген сөзү көп болду. Бирок... Мен ойлоп атам иши үчүн эле алып койду. Эгерде жакшы иштесе калышы мүмкүн эле. Бирок иши начар болду.

Оппозициялык “Акыйкат үчүн” кыймылдын башчысы Аликбек Жекшенкуловдун пикиринде, кызматынан четтетилген Данияр Үсөнов азыркы бийликке оппозицияга бара албайт. Анткени анын артында көптөгөн финансылык чатактар бар. Алардын бирөөсү мэриянын лотерея чыгаруусу. Ал боюнча жакында эле Башкы прокуратура мэрге эскертүү жасаган. Үсөновдун кызматтан алынышынын биринчи себеби саясий дейт Жекшенкулов:

- Данияр Үсөнов менен Мадмуров жөнүндө ар кандай маалыматтар тарабадыбы беле. Өзгөчө президент ооруп жатканда. Мен ойлоймун, ошол фактылар бар болуш керек. Дания Үсөнов мэр болуп турганда бул экөөнүн өзүнчө саясий күч болуп чыгышына мүмкүнчүлүк болгон. Эми буларда андай мүмкүнчүлүк болбойт. Мадумаров менен Үсөновдун тобун талкалаш керек деген кеңешти Акүйгө иштеген саясий технологдор берген. Албетте, Данияр Үсөнов менен Медет Садыркуловдун ортосундагы мамиле да аябай курч болчу.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев Данияр Үсөновдун кызматтан алынуусуна негизги себеп анын Адахан Мадумаровго жакын болушунда деп эсептейт:

- Ошол негизги себеп болду окшойт. Бул эми саясий чечим болуп кетти. Данияр Үсөнов айткандарын аткарган жок. Анысы чын. Бирок ким эле аткарып ийди эле? Бишкектин мэрлеринин кимиси эле борборду оңдоп жиберди деген суроо бар да. Эми шаарды ким ойломок эле, шаарды оңдобой койду деп иштен алып койгондой.

Ал эми Мадумаровдун жакын санаалаштарынын бири, Жогорку Кеңештин депутаты Ибрагим Жунусов Данияр Үсөнов жаңы жооптуу кызматка дайындалганын жана президент ага ишеним артып турганын билдирүүдө. Ошентип, президенттин жанынан узап калган эки саясатчынын андан аркы кадамдары эми күзгү саясий сезондо аныкталат го.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG