Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТ ЧЕЧИМИН ЧЫГАРДЫ


1-июлда Конституциялык сот “Кыргыз Республикасынын борбору жөнүндөгү” мыйзамдын 11-беренесин, ошондой эле шаар кеңеш депутаттарынын өткөн жылдын 5-декабрында кабыл алган тынч жыйын, жөө жүрүш, пикеттерди өткөрүүнүн тартибин бектиүү тууралуу токтомун жокко чыгарды. Аталган эки документтин Башмыйзамга кайчы келерин ырастап “Кылым шамы” бейөкмөт уюму Конституциялык сотко кайрылган.

Конституциялык соттун 1-июлдагы отурумунда кыйладан бери Бишкек шаар кеңеши менен бейөкмөт уюмдар ортосунда талашка айланып келаткан маселе карала тургандыгын сот төрайымы Светлана Сыдыкова жарыя кылды.

- 2007-жылдын 5-декабрында Бишкек шаар кеңешинин токтомун Конституциялык эмес жана Кыргыз Республикасынын борборунун статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 11-беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайыктуулугу жөнүндө суроо-талап каралат.

Бишкек шаар кеңешинин өткөн жылкы токтомунун Башмыйзамга кайчы келерин ырастап сотко кайрылган “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова Конституциялык сот чечимине ыраазы экенин жашырган жок.

- Башкача чечим кабыл алынышы мүмкүн деле эмес болчу.
Соттук териштирүү маалында А.Абдырасулова Конституциялык сот туура чечим кабыл аларына ишенерин билдирген эле.

- Мындан мурун да Конституциялык сот ушундай чечим кабыл алып, ошол пикет, митингдер жөнүндөгү мыйзамдын 5-, 6-, 7-беренелерин жокко чыгарып берген. Ошол үч берене уруксат алчу мүнөзгө ээ болчу.

Конституциялык соттун кароосуна коюлган 1994-жылдын 16-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Бишкек тууралуу мыйзамдын 11-беренеси, ага негизденип өткөн жылдын 5-декабрында Бишкек шаар кеңеши нааразылык иш-чараларын кантип өткөрүүнүн жол-жобосун аныктаган токтому чоң талаштарды жаратып келаткан. Бишкек шаар кеңешинин токтомуна таянып айрым жергиликтүү бийликтер нааразылыктарды басышканын Конституциялык сотто “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова маалым кылды. Парламент депутаты, социал-демократиялык фракциянын өкүлү Роза Отунбаева башкалаадан чыккан демилге башка шаарларга сөзсүз жайылат дейт.

- Түптөгүлөр болсо ошол Бишкек шаар кеңешинин токтомуна негиздеп, ошондой эле жакында Нарында 5 кишини камаганда ушул эле Бишкек шаарынын токтомун негизге алышкан. Эми карабайсызбы, бул эми сокурчулук да. Мына ушул биздин өлкөдө авторитардык система орундап атканын далилдеп атпайбы.

Бишкек шаар кеңешинин башкы адиси Максат Шаршенбаев башкалаа депyтаттары мыйзам чегинде токтом кабыл алганын, ал Кыргызстандын Адилет министрлиги тарабынан бекитилгенин маалымдады.

- Бул жерде оппоненттер ушул токтом кабыл алынгандан кийин Бишкекте бир да көчө жыйын өтпөй калганын айтышты. Жакында кары кишилер нааразылык билдире албай калышканы айтылды.

М.Шаршенбаев укук маселесине келгенде азчылык менен көпчүлүктүн айрымасын эсепке алыш керектигине токтолду.

- Көчө жыйын өткөрүү башка укуктук маселелерди сактоо жагынан Бишкек шаарында кайсы бир жарандардын эле эмес, жалпы шаардыктардын укуктары сакталышы керек. Азыркы Конституциянын 25-беренесинде белгиленгендерди ишке ашыруучу токтом мыйзамга кайчы келбейт деп эсептейбиз.

Бишкек шаар жетекчилеринин тынч жыйын, көчө жүрүштөрүн өткөрүүгө уруксат алуу жөнүндөгү токтому Конституцияга караманча-каршы келерин Кыргызстан Акыйкатчысынын өкүлү Икрам Мамешев да ырастады.

- Бардык көчө жыйындарын, пикеттерди өткөрүш үчүн уруксат сураштын эч кажаты жок. Тек кабарлап гана коюш керек. Шаар кеңешинин жобосу уруксат берүүгө негизделген. Кайсы бир нормативдик акт Конституцияга кайчы келсе ал жокко чыгарылышы керек.

Конституциялык сот 2004-жылдын 14-октябрында нааразылык иш чараларын өткөрүү тартиби тууралуу ушул эле Бишкек шаар кеңешинин токтомунун айрым жоболорун жокко чыгарган болчу. Бирок да шаар бийлиги мындан 14 жыл илгерки мыйзамга таянып тынч жыйын, көчө жүрүш, нааразылык билдирүүлөрдү жөнгө салуу, антишке уруксат алууну ырастаган токтомун кабыл алган. Токтом менен Бишкек шаары тууралуу мыйзамдын 11-беренеси эми жокко чыгарылып, бир жылдан бери токтолбой келаткан талашка чекит коюлду. Эми ушундай эле талаш Жогорку Кеңеш каникулга кетерге чукул кабыл алган тынч жыйын тууралуу мыйзам айланасында болгону турат.

XS
SM
MD
LG