Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:24

СЕНИ ЭЭРЧИСИН, “АК ЖОЛГО” КИР, КЫРГЫЗЫМДЫН АЙЫМДАРЫ...


Сабыр Абдымомунов, Баткен “Ак Жол” партиясынын Баткен облусундагы район шаарлардагы баштапкы бөлүмдөрүн ачуу аземдерине күбө болгон парламент төрагасы Айтибай Тагаев баш болгон акжолчу он эки депутат жана министрлик ведомстволордун башчылары облустагы мекеме, ишкана жетекчилери топтолгон музыкалык драм театрда уюштурулган “Ак жол” партиясынын биринчи конференциясына катышышты.

Жыйында негизинен бийликтин партиясы аткарып жаткан иш аракеттер айтылып, активдүү иш алып баргандар белектер менен сыйланышты. Эртең мененки саат сегизге чакырылган мектеп окуучулары жыйын башталып алардын кезеги келгенче төрт саат күткөн соң, “Ак жол” партиясын даңктаган ырларын окушту.

Журттун жүгүн көтөрөөрдө
Билимдердин ак жоолугун булгап кой,
Сени ээрчисин, “Ак Жолго” кир,
Кыргызымдын айымдары...

Парламент төрагасына сөз берилгенде ал өлкөнүн жетишкендиктерин айтып, 2010-жылы өтө турган президенттик шайлоодо Курманбек Бакиевди колдоого элди үгүттөп өттү.

"Президенттик шайлоодо жок дегенде 95 пайыз менен “Ак жол” партиясынын лидери Курманбек Бакиев Салиевичти шайлаганга баардыгыңыздарды чакырып кетет элем."

Спикер ал эле эмес күн мурунтан күзүндө боло турган жергиликтүү кеңештин депутаттарына да «Ак жол» партиясынын мүчөлөрү шайланышы керектигин белгиледи.

"Күзүндө жергиликтүү кеңештерге шайлоолор болот. Урматтуу партиялаштар! Биз тартынышыбыз керек эмес. Бизге аркага жол жок. Мына биздин партиялык ишибиз башталып, партиялык Жогорку Кеңешке депутаттар шайланып жана жергиликтүү жерлерге партиялык тизмеде шайлана турган депутаттарыбызды “Ак жол” партиясынан көбүрөөк шайлап алсак ошол жердин райондун бүтпөй жаткан маселелерин ошол “Ак жол” партиясы башкарып, жетектей турган болсо элибизге бир топ жакшы иштерди кылабыз деген үмүттөбүз."

Иш чарага көз салгандардын арасында “Ата Мекен” партиясынын облустагы координатору Халитали Айкынов саясий партиялар жөнүндө мыйзамга жана шайлоо кодексине каршы келген бир канча учурлар байкалганын ортого салды.

"Бүгүнкү болуп жаткан облустук конференциясы бизде иштеп жаткан мыйзамдардын бир топ беренелерине каршы келет. Аскер мекемесинин жетекчиси менен чогуу басып калсам ал айтты “бизди чакырыптыр, келбей койгонго болбойт да” дейт. Ал эми мыйзамда күч органдары саясий көз караштан тышкары болуш керек. Бул биринчиден. Экинчиден, “Ак Жол” партиясын биз канча айтсак дагы административдик ресурсту пайдаланат. Келе жаткан 2010-жылдагы президенттик шайлоонун дагы мыйзамсыз боло тургандыгына эмитен булар аракет жасап жатышат."

Ошондой эле жүздөгөн мектеп окуучуларын жайкы каникул мезгилинде мажбурлап кармап, балдардын эс алуу укугунан ажаратып койду дегендер да бар.

"Биринчиден, мектеп окуучулары укугунан ажырап жатышат. Окуучулар каникул учурунда эс алыш керек. Буларды алып келишип, байрак көтөртүшүп турат. Курсактар ачка турушат. Тургандарына үч саат болуп калды. Ушул убакта үйдө ата-энелерине канча жардам беришет эле да. Бул жагымсыз көрүнүш да", деди өзүн атагысы келбеген Баткен шаарынын тургуну.

XS
SM
MD
LG