Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:28

И.ИCАКОВ: АНТИТЕРРОРДУК АСКЕР БАЗАСЫ КЕЛГЕНДЕН КИЙИН ТЫНЧ ЖАШАП КАЛДЫК


Мындан алты жыл илгери, 2001-жылы 11-сентябрда АКШга бир катар террордук чабуулдар жасалган. Мына ошондон кийин террорго каршы согуш жарыялаган АКШ Кыргызстандын "Манас" аба майданында аскерий базаны жайгаштырууга уруксат сураган. Ал өтүнүч расмий Бишкек тарабынан канааттандырылган. Бирок акыркы кезде базаны чыгаруу талаптары коюула баштады. Мына ушундай кырдаалда коргоо министри Исмаил Исаковго базаны жайгаштыруунун зарылчылыгы, анын Кыргызстанга тийгизген пайда-зыяны тууралуу бир катар суроолор менен кабарчыбыз Айданбек Акмат уулу кайрылган.

- Исмаил Исакович, 2001-жыл 11-сентябрдагы АКШдагы террордук чабуулдан кийин Кыргызстанга антитеррордук коалициянын базасы жайгаштырылды. Өз кезинде ушул базаны жайгаштыруу канчалык орундуу болгон эле? Азыркы кезде база өз миссиясын канчалык аткарып жатат?

-Чындыгында ошол кезде Америкада болгон окуя АКШга эле эмес жалпы дүйнөгө тиешеси бар кара күндөрдүн бири болгон. Мисалы айтып кетсек, 1996-жылы терроризмге каршы даярданыш керек деп, менин демилгем менен Бишкекте машыгуу өткөргөнбүз. Бирок жыйынтыгында, туура эмес түшүнүктөрдөн, мен өзүм жабыркап калганмын. Бирок мына ошондой машыгуулар керек экендигин билдирген, көбүнүн көзүн ачкан 2001-жылдагы окуя болду.

Ал эми базанын келиши, менин оюмча абдан туура кадам болгон. Биз депутат катары кезинде аны колдоп бергенбиз. Себеби, Ооганстанда ошол кездеги абал Кыргызстанга кандай таасирин тийгизип жатканын биздин эл абдан жакшы билген. Мына ошондуктан база келгенден кийин биз тынч жашап калдык. Террорчуларды алсыратууга америкалыктардын салымы абдан чоң. Ал салым бүгүнкү күнгө чейин чоң болуп келүүдө. Мындан башка дагы америкалыктардын жардамы көп. Бүгүнкү күндө экономиканы көтөрүүгө, Коргоо министрлигин колдоого, башка тармактарга жардам берүүдө америкалыктардын салымы абдан көп болуп жатат.

-Демек, Баткен, Ош облусуна террордук топтордун кол салбай калуусуна базанын салымы абдан чоң!

-Албетте!

-Террорчулардын Ооганстандагы тамыры кесилгенден кийин бизге кол салууга мүмкүнчүлүгү болбой калды…

-Бул абдан туура түшүнүк. Себеби дегенде, террордук топтор бизден канчалык алыста жайгашса, бизге таасири ошончолук аз тиет. Жакын болсо ошончо күчтүү таасири тиет. Муну Баткен эли абдан жакшы билет. Жалпы Кыргызстан калкы башынан кечирди го. Ошондуктан америкалыктардын туруктуулуктун болушуна салымы абдан чоң.

-Жаңы бийлик базадан көбүрөөк экономикалык пайда көрүү максатында америкалыктар менен жаңы келишимге жетишкен. Ал боюнча жыл сайын 150 миллион доллар Кыргызстанга берилиш керек. Жаңы келишимдин алкагында Коргоо министрлигине кандай пайда, ыңгайлуулуктар келип жатат?

-Мен башка тармактарга токтолгум келбейт. Ал боюнча өзүнчө иштегендер бар. Мен өзүбүздүн тармак жөнүндө айтсам. Чындыгында Коргоо министрлигине жардам абдан чоң. Тактап айтканда, бир нече тик учактарды, учактарды оңдоп беришти. Алардын күйүүчү майын да беришти. Ошолордун жардамы менен машыгууларды өткөрүп, учкучтар даярдык көрүп, учуп жатат. Андан сырткары аскер бөлүктөрдүн инфраструктурасын жакшыртууга абдан чоң салымын кошууда. Азыр алар жакшы борборду (эс алуучу?) куруп жатышат. Жылдын аягында аякташат. Ошондо кеңири айтабыз.Биздин айтаарыбыз бирегелешип иштегенден натыйжа жакшы болот экен.

-Исмаил Исакович, АКШнын базасы жайгашуусу менен оң эле эмес, терс жагдайлар орун алып келатат. Маселен, биздин ТУ-154 кырсыкка учурады. Андан сырткары биздин атуул Александр Иванов атылып кетти. Күйүүчү майды абадан чачышат деген элде сөз бар. Мына ушул терс көрүнүштөрдү четтетүү боюнча биргелешкен аракет барбы?

-Албетте, кыргызда жакшы сөз бар эмеспи «бир кем дүйнө» дегендей. Бир жагынан жакшы болсо, бир жагынан жаман болот экен. Эми андай нерселер болуп калууда. Бир эле Ивановго байланыштуу кейиштүү окуя эмес, учактарды коопсуз кондуруу үчүн кээде күйүүчү чачкан фактылар болуп жатат. Азыркы кезде ал фактылар боюнча комиссия иштеп жатат. Комиссияны коргоо министринин биринчи орун басары Орозбаев жетектеп жатат. Күйүүчү майды чачууну азайтуу боюнча өкмөт, президенттик администрация да иштеп жатат. Бул боюнча президенттин түздөн-түз тапшырмасы бар. Ошону аткаруу боюнча бир топ иштер аткарылып жатат.

-Базаларга байланыштуу дагы бир маселе, бул геосаясий таймашуусу байкалып турган эки ири мамлекеттин Бишкектин тегерегине базаларын жайгаштыруусу Кыргызстанга зыяны тийбеби деген суроо? Анткени бул ири мамлекеттер базаларды атаандашып жайгаштырды деген да ойлор айтылып келүүдө.

-Чындыгын айтканда, эл ичинде айтылган сөздү бура тартуу кыйын. Ар ким өз баасын берет, пикирин айтат. Бирок, адис катары айтып кетсем, булардын ортосунда эч кандай атаандашуу жок. Андай болбойт дагы. Анткени ар бири өзүнчө түзүлгөн келишимдин алкагында иштеп жатат. “Манастагы” базаны айтсак, алар террорго каршы күрөш жүргүзүп, Ооганстанда толук туруктуулук орногонго чейин аракеттенет. Ал эми Канттагы жайгашкан база Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында жайгашкан. Биз ал уюмдун мүчөсүбүз. Демек, база өзүбүздүн, Кыргызстандын күчү десек жаңылбайбыз. Ошондуктан эки базанын ортосунда биз мыйзамдуу, силер мыйзамсыз деген сөз жок. Экөө тең мыйзам чегинде иштеп жатат.

-Демек, ар бир базанын өзүнүн миссиясы, милдети бар. Ошондуктан алар Кыргызстанда өздөрүнүн ролун аткарып жатат?

-Абдан туура. Себеби дегенде, дагы бир кайталап коеюн, Канттагы база бул Жамаааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында келген күч. Буга биз киргенбиз. Колубузду койгонбуз. Эгерде бир кокустук болсо, алар түздөн-түз Кыргызстанды коргоого чыгат. Ошондуктан, биздин коопсуздукту сактоочу өзүбүздүн эле күч десек жаңылбайбыз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG