Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:01

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АМЕРИКАЛЫК АВИАБАЗАНЫН ТАГДЫРЫ БҮТПӨС ТАЛАШПЫ?


Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев Орусиянын РИА “Новости” маалымат агенттиги менен “Russia Today” телеканалына берген интервьюсунда өлкөнүн аймагындагы америкалык авибазаны чыгаруу маселеси болочокто талкууланаарын, бирок ушул тапта Ооганстандагы оор кырдаалдан улам база чыгарылбай тургандыгын билдирди. Мамлекет башчысынын мындай пикири Америка жана Орусиянын авиабазалары бирдей жайгашкан өлкө жарандарынын бүйүрүн кызытып, алардын тагдырын салмактаган тараптарды ар кыл ойго салууда.

2001-жылдын 11-сентябрындагы Американын ири шаары Нью-Йорктогу жана башка жайлардагы апааттуу терракттан кийин эл аралык терроризмге каршы күрөштүн бир багыты катары Кыргызстанга жайгаштырылган америкалык авиабазанын тагдыры коомчулукта утур-утур талкуу жаратып, карама-каршы пикирлердин ордосу болуп келет.

Аны Кыргызстан аймагынан кетирүү максаты менен “Америкалык авиабазаны өлкөдөн чыгаруу” деген кыймыл да түзүлүп, сотко доо арыз жолдоп, маал-маалы менен пикет өткөргөндөр да жок эмес.

Буга авиабазаны стратегиялык жактан маанилүү эл аралык аэропортто жайгаштыруу келишими натуура деген пикирден баштап, америкалык жоокерлер жергиликтүү элдин укугун басмырлап жатат дегенге чейинки көз караштар негиз болуп келет.

Президент Курманбек Бакиев Москвага, КМШ президенттеринин бейформал жыйынына барар алдында орусиялык агенттиктердин суроосуна берген жообу да маселеге кызыгууну кайра жандантып, авиабаза чыгарылсын деген тараптардын талабын козгоду.

Алардын бири, орусиячыл саясат туткан Кыргызстан коммунисттик партиясынын төрайымы Клара Ажибекова мындай дейт:

- Бул экономикалык жактан да,экологиялык жактан да, саясий жактан да коңшу-колоңдорго жана ислам дүйнөсүнө бизди жаман көрсөтүп жатат. Америка биздин аймакта өзүнүн гана кызыкчылыгын көздөп жатат. Ошон үчүн коңшу ири Кытай, Орусия жана башка коңшу мамлекеттер менен жакшы мамиледе болгубуз келсе авиабазаны кетиришибиз керек.

Америкалык авиабазанын турушуна карама-каршы пикирлердин курчушуна мындан эки жыл мурун Шанхай Кызматташтык уюмунун Астанада өткөн саммитинде уюмга мүчө мамлекет башчыларынын базанын кетээр убактысына кызыгуусу да түрткү берген.

Жогорку Кеңештин депутаты Роза Отунбаеванын баамында, ага регионалдык мейкиндикте өзүн лидер эсептеген Орусиянын жана бул маселени козутуп турган маалымат каражаттарынын түздөн-түз таасири бар:

- Орусиянын көз карашында Кыргызстан КМШ же Орусиянын таасири астында боло турган өлкө да. Ошондуктан Орусия өзүн регионалдык державабыз деп эсептеп, эмне себептен Америка ушул жакка келип авиабазасын коет деген мааниде турат. Биз акыркы кезде байкап жатпайбызбы, экономикалык маселе болобу же башка маселе болобу мурдагы советтик республикалардын аймагында Орусия менен Американын кармашып келатат.

Роза Отунбаеванын пикиринде кыргыз бийлиги америкалык авиабазаны чыгарууга шашылбоосу зарыл. Себеби базанын жайгашуусу менен Кыргызстандын коопсуздугу кандайдыр бир деңгээлде бекемделип, геосаясий мейкиндиктеги бедели артып турат.

“Туран” партиясынын теңтөрагасы Каныбек Иманалиев да кыргыз бийлиги мына ушундай учурдан пайдаланып, авиабазаны өлкөдөн чыгаруу маселесин саясатка айландырбай, тескерисинче, анын турушу менен өлкөнүн экономикалык, саясий абалын чыңдоо аракетин улантышы абзел деген ойдо:

- Биз бул жерден проблема издебей Кыргызстан үчүн пайда издешибиз керек. Чынында, алар бизге өтө эле аз акча төлөшөт. Ошон үчүн акыны көбөйтүш керек. Анткени, Американын Борбордук Азия мамлекеттеринде кызыкчылыгы бар. Биздин өкмөт жана саясатчыларыбыз биздин куралдуу күчтөргө жардам берсин, чек ара кызматын жакшыртууга көмөктөшсүн, аренда акысын көбөйтсүн, Кыргызстандагы демократиялык реформаларды улантканга жардам берсин деген шарттарды коюш керек. Биз ушундай саясий жагдай түзүшүбуз керек!

Жогорку Кеңештин депутаты Роза Отунбаева авибаза акысын улам жогорулатып, Америкадан кайра – кайра каражат талап кылуу керек деген сунушка макул эмес.

Анын айтымында, ал эл аралык дипломатиянын этикасына карама-каршы келет. Ошондуктан, кыргыз бийлиги каражат менен бирге эле Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы менен коопсуздугун камсыздоо саясатын биринчи баскычка коюусу керек дейт:

- Мунун да өз ирээти бар да! Улам эле ач көздук кылып, момунча акча керек дей берсек, ал бизге эч жарашпайт. Азыр андай учур эмес.

Эске сала кетүүчү нерсе, авиабаза боюнча кыргыз өкмөтү менен Американын ортосундагы былтыр жаңыртылган келишимдин негизинде бюджетке жылына 17 миллион доллар түшөт. Мындан тышкары учактардын учуп-конгону үчүн акы өзүнчө алынат.

"Авиабаза өлкөдөн чыгарылсын" деген талап коюп келаткан Сергий Радонежский жана Айкөл Манас атындагы фонддун президенти Игорь Трофимов Бакиев Москвага баргандан кийин кайсы тарап менен жакын болорун аныктайт деген жоромолун билдирди.

Ал эми кыргыз бийлиги (президент Курманбек Бакиев) Ооганстандагы кырдаал турукташмайынча Кыргызстандан америкалык авиабаза чыгарылбай тургандыгын белгилеп келет.

XS
SM
MD
LG