Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:58

ООГАН БИЙЛИГИ: КАНДАГАРДЫН АЙРЫМ АЙЫЛДАРЫ ТАЛИПТЕРДЕН БОШОДУ


Элеонора Бейшенбек кызы, Прага Ооган өкмөтү Кандагардагы бир нече кыштак талиптерден бошотулганын кабарлады. Расмий маалыматтарга караганда, талип жоочулар капыстан жасалган чабуулга жана аба соккуларына туруштук бере албай, Кандагардын Аргандаб ооданындагы айылдардан качып чыгышкан. НАТО бул маалыматты азырынча тастыктай элек. Шаршембиден тарта ооган жоокерлер менен НАТО жетектеген эл аралык бейпилдик күчтөрү Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар вилайетинде абактан качып чыккан талип жоочуларына каршы ири аскердик иш-чара жүргүзүп жаткан эле.

Кандагар аймагынын акими Асадулла Халид соңку күндөр ичинде көптөгөн пакистандыктар бар делген жүздөгөн талиптер жарадар болуп жана өлтүрүлгөнүн кабарлады:

- Кудайга шүгүр, НАТО менен Ооганстандын аскерлеринин колдоосу астында биз душманды сүрүп чыгууга, Аргандаб аймагындагы кыштактарды алардан тазалоого жетиштик. Талиптер жүздөгөн жоготууга учурады. Алардын арасында өлгөнү да, жарадар болгону да бар. Талиптер жеңил жана оор куралдарын таштай качышты.

Ооган аскерлери менен НАТОнун биргелешкен аскердик иш-чарасы 18-июнда башталган. Алар Кандагардын Аргандаб ооданында алты жүздөн ашуун талип жоочулары менен салгылашууда.

Талиптер Аргандап ооданына чогулаардан мурда Кандагар шаарынын түрмүсүнө кол салып тогуз жүздөй кишини бошоткон. Алардын жарымынан азыраагы талип жоочусу болгон.

НАТОнун өкүлдөрү болсо азырынча Аргандаб аймагы толугу менен талиптерден тазаланды деген билдирүүдөн өздөрүн оолак тутууда.

НАТО басма сөз өкүлү Марк Лейти (Mark Laity) аймакта ийгиликтүү аскердик өнөктүк жүргөнүн ганан “Ассошэйтед пресс” агенттигине билдирди.

Бул соңку аскердик өнөктүккө сегиз жүзгө чукул ооган жоокери менен эл аралык бейпилдик күчтөрдүн жүздөгөн жоокерлери катышты. Соңку окуялар Ооганстандын түштүгүндө талиптер кайра баш көтөрө баштаганын да көрсөтүүдө. Алар көбүнесе Пакистанга чектеш аймактарда кыйла айбат көрсөтүп, кээде чек арадан өтө качып пакистандык айрым уруулардын арасында башпаанек табууда

Бул соңку айыгышкан салгылашуулар ооган-пакистан мамилелери салкындап турган учурда болду.

Жакында ооган президенти Хамид Карзай Пакистанда жайгашкан талиптерге эскертүү кылып, керек болсо чек арадан өтүп барып талиптерди жазалай турганын эскерткен. Расмий Исламабад болсо бул сөзгө теригип, Пакистандын аймактык кол тийбестигине эч ким шек келтире албайт деген.

XS
SM
MD
LG