Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

КУЛЧУЛУККА САТЫЛГАН ЖАШТАР КӨБӨЙДҮ


Жанарбек Акаев, Ош Бир топ бейөкмөт уюмдар өлкөнүн түштүгүндө адам сатуу көрүнүшү барган сайын күч алып баратканын айтып, коңгуроо кагышууда. Бул маселе боюнча Оштогу «Golden Goal» коомдук бирикмеси жакында Өзбекстан, Тажикстан менен чектеш жайгашкан Ош, Баткен облустарынын жаштарынын аймактык жолугушуусун уюштурду. Анда адам аткезчилигинин алдын алуу жолдору талкууланды.

Боркошовдордун үй-бүлөөсү 8 жыл бою Казакстандын тамеки талааларында иштеп жүрдү. Аларга бейтааныш аял көп суммадагы айлык акыны сунуш кылып, Казакстанга алып барган эле. Бирок айтылган сумма Боркошовдордун колуна тиймек тургай, алар кадимки эле кулдарга айланып калышкан.

- Казакстанда жакшы стройка жүрүп жатат, жакшы төлөп берет экен десе, мен ага ишенип алыптырмын. Биз чындап эле үй куруп, курулуш жерлеринде иштейт экенбиз деп кете бергенбиз.

Бул үйбүлө колдон-колго өтүп, бир нече жолу сатылып да кеткен. Канчалык оор жумуш аткарбасын, тапкан тыйыны тамак ашына араң жетчү. «Golden Goal» бирикмесинин президенти Алишер Мамажановдун айтымында, учурда мындай көрүнүш түштүк жергесинде көп учурайт.

- Адам сатуу көбүнчө Кыргызстандын, Ош, Жалалабат, Баткен облустарында кездешет. Биздин проблема - жаштар арасындагы жумушсуздук. Экинчиси, бул айылдардагы экономиканын өсүш деңгээли өтө эле төмөн болгондуктан, биздин көптөгөн жаш жарандарыбыз чет-өлкөлөргө чыгууга мажбур болуп жатышат.

Мамажановдун билдирүүсүнө караганда, чет-өлкөгө барып иштеген жаштардын айрымдары өздөрү алданып калышканын да билбей, жылдап иштеп жүрө беришет. Жаштарды чет-мамлекетке алып барып жаткан жеке адамдар же фирмалардын лицензиясы көп учурда такталып, көзөмөлдөнбөйт. Ошондуктан алданган адамдардын саны да көбөйүүдө.

- Эл аралык эксперттердин пикиринде, жыл сайын Кыргызстандан 4 миңге жакын адам сатылат. Биз былтыр өткөргөң изилдөөлөр боюнча 371 жолу адам сатуу фактысы катталганы бейөкмөт уюмдар, укук коргоо органдары тарабынан аныкталды.

Бул терс көрүнүштүн тамырын кыркуу үчүн бүт аймактардын жаштарына тез аранын ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экендиги белгиленди.

«Golden Goal» коомдук бирикмеси уюштурган жаштардын аймактык жолугушуусунун катышуучусу, студент Мизамов Бакай, бейөкмөт уюмдар өткөргөн мындай укуктук кеңештер менен чет-өлкөгө кетип жаткан көпчүлүк жаштар кабарсыз бойдон калып жатканын айтты. “Башка мамлекеттерге жумуш издеп жөнөгөн жаштар арасында өз укуктары тууралуу кеңири таанытуу иштерин өткөрүү бир топ натыйжалуу болмок”,- дейт Бакай Мизамов.

XS
SM
MD
LG