Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:12

БИШКЕКТИН АСМАНЫНДА УЧАК КЫРСЫКТАДЫ (Сүрөт баян)


24-августта кечинде “Итэк-Эйр” компаниясынын Бишкектен Ирандын Мешхед шаарына бет алган “Боинг-737” учагы кырсыктап жерге кулап, кыйроого учурады. Анын бортундагы 90 адамдын ичинен алдын ала маалыматтар боюнча 15-17 адам гана аман калды.

Жогорудагы сүрөттө: Учактын кырсыкка учурап кулап түшкөнүн биринчи көргөн күбөлөрдүн бири Кенжебек окуя кандай болгонун кабарчыларга айтып берип жатат.




Кырсыктаган «Боинг 737» учагынын калдыктары.




“Боинг-737” учагы кулап түшкөндөн кийин кыйроого учурап, өрттөнгөн.





Президенттин мамлекеттик кеңешчиси Токон Мамытовдун маалыматына караганда, кырсыктаган учактын ичинде 83 жүргүнчү, 6 экипаждын мүчөсү жана андан сырткары жарандык авиация департаментинин бир кызматкери болгон. Алардын ичинен 15-17 адам гана тирүү калды.





Учактын кырсыкка учурап кулап түшкөнүн биринчи көргөн күбөлөрдүн бири Фархад окуя кандай болгонун кабарчыларга айтып берип жатат.




Кыйраган учактын аман калган 17 жүргүнчүсү дароо ооруканага жеткирилди. Дарыгерлердин айтымында, алардын үчөөнүн абалы өтө оор, реанимацияда жатат.

XS
SM
MD
LG