Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:40

ОРУСИЯЛЫКТАР МЕНЕН ЕВРОПА ЧЕМПИОНУ ГРЕКИЯ ЖЕҢИЛҮҮ ЫЗАСЫН ТАРТТЫ


Кечээ, 10-июнда түндөсү Австриянын Инсбрук шаарында “Д” тобунда Испания менен Орусиянын тандалма командалары беттешти. Ошондой эле Австриянын Зальцбург шаарында 2004- жылы Европа чемпиону болгон Грекия Швециянын футболчулары менен мөрөй талашты. Европа футбол таймашууларын кыргызстандык көпчүлүк күйөрмандар да теле берүүлөр аркылуу кызыгып көрүп, орусиялыктарды сүрөөнгө алышты. Бирок алар ишенимди актаган жок.

Футбол боюнча Европа чемпионаттын таймаштары улам курчуп, кызыктуу оюндар болуп жатышканын кыргызстандык күйөрмандар дагы айтып, көпчүлүгү орусиялыктарды сүрөөнгө алышты.

Кечээ, 10-июнда түндөсү Австриянын Инсбрук шаарында “Д” тобунда Испания менен Орусиянын тандалма командалары тынымсыз жааган жамгырга карабай беттешти. Оюндун биринчи бөлүгүндө эле испандыктар демилгени колго алышып, 20-мүнөттө Испаниянын “Валенсия“ футбол клубунун чабуулчусу 27 жаштагы Давид Вилья эсепти ачып, командасын алга сүрөдү.

Испаниянын тандалма командасынын чабуулчусу Давид Вильянын жылдызы жанып, 44- мүнөттө орустардын коргоочуларын алдап өтүп, эсепти 2:0гө жеткирди.

Ошондой эле ушул 7- номурдагы чабуулчу Давид Вилья оюндун экинчи бөлүгүндө орусиянын үч коргоочусун алдап өтүү менен топту дарбазага таамай тээп киргизди. Ошентип 3:0 эсебинде орусиялыктардын шаштысы кетип утулуп жатышкан. Алардын чабуулдары аягына чыкпай, көпчүлүк учурда топту атаандаштарына алдырып, жаңылыштыктарга жол беришти. Испаниялыктарга Москванын “Спартак” футбол клубунун чабуулчусу 27 жаштагы Роман Павлюченко гана жооп кылып бурчтан тебилген топту баш менен сүзүп киргизип, эсепти 3:1ге өзгөрттү.

Бирок беттешүү аяктап бараткан 90- мүнөттө испаниялыктар кайрадан чабуулга өтүшүп, бул оюндун каарманы Давид Вилья орусиялык коргонууну жарып өтүп, топту өнөктөшү 21 жаштагы чабуулчу Франсеск Фабрегаске берип, ал Орусиянын дарбазасына топту баш менен сүзүп киргизди.

Ошентип Орусиялыктар алгачкы беттешүүдө эле Испаниянын тандалма командасына 4:1 эсебинде утулуп калышты.

Аксуулук футбол куйөрманы Канат Дөөталы уулунун пикиринде орусиялыктар ишенимди актабай, абдан начар ойноду.

- Орусияда жарк эткен лидер көрүнбөдү. Чабуулдарды аягына чыгарбай орто жолдон топту атаандаштарына алдырып коюп жатышты.
Ошентип орустар Испанияны утат го деген үмүт акталбады. Орусиянын командасынын тажрыйбасы жоктугу айкын билинип, команданын чабуулун уюштурган лидерлер жоктугу көрүнүп калды. Испаниялыктар жамгырга карабай жакшы ойноду.


Орусиянын күйөрманы болуп сүрөөнгө алып келаткан бишкектик күйөрман Азим Шыгабаев орусиялыктардын бул оюна көңүлү толбой калганын айтып, өтө начар ойногонуна капа болгонун билдирди.

- Мен эски достор катары көп жылдан бери Орусиянын тандалма командасына күйөрман болуп келатам. Ошондуктан бул жолу дагы орустарды сүрөөнгө алдым. Бирок алар бул оюнда өздөрүн көрсөтө алышпады. Негизинен алдыда болуп өткөн оюндарга баам салсак, мага голландиялыктардын чеберчилиги, даярдыгы мыкты экени байкалды. Булар дүйнө Италияны оңой эле утуп алышты. Европа чемпионатында быйыл Голландия баш байгени утуп алуусу толук ыктымал.

Ошондой эле кечээ түнү Австриянын Зальцбург шаарында 2004- жылы Европа чемпиону болгон Грекия менен Швециянын футболчулары менен мөрөй талашты.

Мында грекиялыктар Еворпа чемпиону катары өз күйөрмандарына жакшы оюн көрсөтө алышкан жок. Оюндун биринчи бөлүгүндө эсеп ачылбай чабуулдардан майнап чыкпай эки команда теңата ойноду. Мөрөй талашуунун экинчи бөлүгүндө швециялыктар демилгени колго алышып, 67- мүнөттө Италиянын “Интер” клубунда ойногон швециялык 27 жаштагы чабуулчу Златан Ибрагимович гректердин коргоочуларын алдап өтүп, атаандаштарынын дарбазасына топту таамай тээп киргизип, эсепти ачты.

Златан Ибрагимович мурда “Аякс” жана “Ювентус” командалардын катарында ойногон. 2006- жылы Италиянын “Интер” футбол клубу менен 25 млн. еврого келишим түзүп, ушул команданын катарында ойноп жүрөт.

Жеңишке чыктанган швециялыктар демилгени колго алып, беттешүүнүн 72- мүнөтүндө дагы бир топту Грекиянын дарбазасынан орун алууга аргасыз кылышты. Экинчи топту Швециянын “Рейн” футбол клубунун өкүлү Петтер Хансон киргизди. Ошентип швециялыктар алгачкы беттешүүдө эле Европа чемпиону Грекияны 2:0 эсебинде утуп, 3 упайдын ээси болушту.

Ошонтип бул оюнда Европа чемпиону Грекия тандалма командасы канчалык аракет кылышканы менен швециялыктардын дарбазасына бир дагы топ киргизе алышпады.

Бишкектик футбол күйөрманы Жуман Ибраевдин пикиринде Европа чемпионатынын таймашуулары кызыктуу өтүүдө. “Келечекте Азия чемпионатын дагы ушундай деңгээлге жеткирсе дурус болуп, кыргызстандык жаш футболчулардын өнөрүн көрсөк”, деген тилегин билдирди.

-Чынында эле грекиялыктарга спорттук фортуна же ийгилик келбей койду. Алар жакшы учурларды колдон чыгарып жиберип, демилгени колго алышкан жок. Ал эми швециялыктар абдан мыкты оюн көрсөтүп, биримдикте ойноду. Швеция Европа чемпину Грекияны утуп алышат деп ойлогон да эмесмин.

Европа футбол чемпионатынын мелдештеринде ар дайыма күтүүсүз жаңылыктар болушу да ыктымал. Муну түндө швециялыктар далилдеп, 2:0 эсебинде Европа чемпиону Грекияны утуп алышты.

Бүгүн 11-июнда Швейцариянын Женева шаарындагы "Стад-де-Женев" стадионунда Чехия менен Португалия беттешет.

Ошондой эле бүгүн Швейцариянын Базель шаарында “А” тобундагы талаа ээлери Швейцария Түркиянын футболчуларын каршы алат.

Учурда “А” тобунда Чехия менен Португалия бирден оюнду утуп, үчтөн упайга ээ болуп, өз тобунда мыктысы иргелип алынат.

Ал эми «В» тобундагы атаандаштардан Австрияны өз талаасында Хорватия 1:0 эсебинде утуп, алар дагы үч упайлуу болушту. Германия менен Польша өлкөлөрүнүн командаларынын ортосундагы атаандашуу дагы курч өтүп, 2:0 эсебинде немистер утушка ээ болушкан. Ошондой эле Франция менен Румыния дагы тең чыгуу менен бирден упайга ээ болушкан. Дүйнө чемпиону Италияны 3:0 эсебинде уткан Голландия дагы өз тобунда биринчи орунду камсыз кылаарына ишенип, учурда 3 упайдын ээси болду. Ошондой эле кечээ Испания менен Швеция үчтөн упайлуу болушту. Эми дагы алдыда кызыктуу таймашуулар турат.

Финалдык баш байге үчүн таймашуу 29-июнда Австриянын Вена шаарындагы “Эрнст Хаппель” атындагы стадионунда өткөрүлөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG