Кыргыз тайганы Борбор Азия чөлкөмүндөгү эң байыркы ит тукуму катары белгилүү. Ал күлүк жана жытчыл болгондуктан, мурдатан эле аң уулоо үчүн колдонулуп келген. Соңку жылдары "Салбуурун" менен катар эле тайгандардын жарышына кызыгуу күчөп, атайын ушул максатта тайган таптагандар көбөйдү.
Кыргыз медицинасындагы кадр тартыштыгы, алыскы айыл жергесинде ак халатчандардын жоктугу ардагер дарыгерлерди эс алууга кетирбей иштөөгө аргасыз кылууда. “Азаттыктын” “Данисте” берүүсүнүн бул чыгарылышында ардагер ак халатчандардын түмөн түйшүктүү ишин көрсөтөбүз.
Катар калкынын саны жагынан Кыргызстандан кеминде эки жарым эсе, аянты жагынан 17 эсе кичинекей өлкө. Перс булуңундагы бул мамлекет ички дүң жыйымдын жан башына үлүшү боюнча дүйнөдөгү эң бай өлкөлөрдүн бири.
Ош шаарындагы Бабур атындагы академиялык өзбек музыкалуу драма театры - Борбор Азиядагы алгачкы маданий жайлардын бири.