Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:19

“БААС”тан КИЙИН ИРАКТЫ КИМ БАШКАРАТ?


Ирактын келечегине арналган биринчи жыйында өлкөнү кайра тикелөө боюнча пландын баштапкы сомолосу кабыл алынды. Анын конкреттүү өңүттөрү эмдиги жыйында талкууланат. Жыйынга катарлаш Эн-Насирия шаарында утурумдук өкмөт түзүү пландарына нараазылык билдирген көп миңдүү демонстрация болуп өттү.

Жыйынга ар кошкон ирак оппозициясынын, өлкөдөгү диний топтордун өкүлдөрү чакырылган эле. Конференция Эн-Насирия шаарына чукул жердеги байыркы Ур элеткалаасында өттү. Диний уламыштарда Ур кенти тоораттагы Авраам пайгамбардын киндик каны тамган жер делинет. Ушундан улам Ирактагы оккупациялык администрациянын башчысы Жей Гарнер дал ушул Ур шаарчасы адамзат цивилизациясынын бешиги болгонун эске салды жана эми демократиялык Ирактын жаңы тарыхы да ушул жерден башталганы жаткандыгын белгиледи. Деген менен жаңы тарыхтын башатын ачканы чогулгандар бул күнү олуттуу деле эч кандай чечим кабыл алышкан жок. Болгону корутунду билдирүүдө Иракта демократиялык федералдык система түзүү зарылдыгын ырасташты. Мындан тышкары Саддам Хусейндин “Баас” партиясын таркатып,ага тыюу салуу талабы коюлду. Делегаттар ошондой эле өлкөнүн жаңы лидерин сырттан тон бычып, чет жактан дайындоого да каршы экендигин билдиришти. Буга байланыштуу президент Жорж Буштун атайын өкүлү Залмай Халилзад Кошмо Штаттары Иракты баса көктөп башкарып отурганга караманча кызыкпай тургандыгына ишендирди.

Жыйында белгиленгендей, өлкөнүн өткөөл өкмөтүн түзүү үчүн жакын аралыкта жалпы улуттук курултай чакырылат. Утурумдук администрация бери дегенде үч айдын, ары барганда жарым жыл ичинде ишке киришиши керек. Жаңы бийликтин структурасы, лидерликке талапкердин тизмеси эмдиги жыйында талкууга коюлушу мүмкүн. Кезектеги конференция ушул аптанын соңунда өткөрүлөт.

Бул жолку жыйынга Ирактагы айрым таасирдүү топтор катышкан жок. Атап айтканда, шийиттердин негизги уюмдарынын бири – ислам революциясынын жогорку кеңеши конференцияга байкот жарыялады. Атүгүл Ирактын жаңы лидерлигине негизги талапкер деп каралып жаткан Ахмед Чалаби жыйынга өзүнүн өкүлүн гана жиберди. Муну айрым байкоочулар анын саясий тактикасы болду дешет. Чалаби өзү болсо франциялык “Монд” гезитинде жарыяланган интервьюсунда жогорку бийлик кызматына талаптанганга ою жоктугун, болгону Иракты кайра тикелөө ишине аркасын тийгизүүнү гана көздөй тургандыгын ырастады.

Иракты кайра куруу пландарына арналган биринчи жыйындан коалициянын өкүлдөрү деле көп нерсени күткөн эмес. Конференция ачылганы жаткан күндүн алдында Британиянын тышкы иштер министри Жек Стро Насириядагы жыйын бир күндүк масилет эмес, ал өкмөттү кайра куруу процессинин башталышы болорун билдирген эле.

Жыйында Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлү да болгон жок. Бул иште ООНдун ролу кандай болору алиге чейин белгисиз. Ошол эле Жек Стро Ирактагы кайра куруу иштерине ООНдун катышуусун жактаган тараптарга, айрыкча аскерий кампанияга каршы чыккан “үчтүктөрдүн альянсына” – Германияга,Францияга жана Россияга иш жүзүндө ультиматум койду. Британ министринин сөздөрүнө ылайык, алар баарыдан мурда дипломатиялык “оюндарын” токтотушу керек. Кошмо Штаттары менен Улуу Британия, арийне, ООНдун чечүүчү роль ойношун каалайт. Бирок бул маанилүү процессте Бириккен Улуттар Уюмунун ошондой озуйпатка ээ болор-болбосу,Стронун айтымында, коалициянын аталган уюмга ишеничине гана эмес, ошону менен бирге коопсуздук кеңеши, өзгөчө анын туруктуу беш мүчөсү кандай деңгээлде жалпы жана конструктивдүү чечим таба алат, ушуга жараша болот.

Ур кентиндеги жыйынга катарлаш Эн-Насирия шаарында миңдеген ирактыктар, негизинен шийиттер демонстрация өткөрүп,Саддамды да, АКШны да жактабай тургандыгын билдиришти. Конференцияга байланышкан айрым жагдайларды комментариялап,Пентагондун башчысы Дональд Рамсфелд булардын баарын Иракта башталган демократиялык процесстин алгачкы көрүнүштөрү деп баалады. Америкалык ырасмий өкүлдөрдүн ишениминде Иракта жаңы бийлик структураларын түзүүгө өлкөдөгү бардык саясий күчтөрдүн позициялары айкын болгондон кийин гана киришүү керек. Байкоочулар болсо ич ара жиктелип, араздашып турган көп сандагы ирак топторунун мунаса табышы оңой болбойт дешет.

XS
SM
MD
LG