Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:25

Ысык-Атада мыйзамсыз майнинг-ферма жоюлду


Майнинг ферманын жабдуулары. Сүрөт УКМКга таандык.
Майнинг ферманын жабдуулары. Сүрөт УКМКга таандык.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) энергетика тармагындагы коррупцияны жана өлкөдөгү электр энергиясынын олуттуу тартыштыгын жоюу максатында жүргүзүп жаткан иштеринин алкагында, Ысык-Ата районунун аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан майнинг-ферманы жапты.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, майнинг-фермалардын ээлери Кыргызстандын "Виртуалдык активдер жөнүндө" мыйзамын бузуп, расмий каттоосуз жана милдеттүү сертификаты жок, катталуу жана башка төлөм-жыйымдарды төлөбөй туруп, криптовалюта өндүрүшүн уюштурган.

Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында майнинг-фермалардын иштерин уюштуруу үчүн колдонулган 700дөн ашык жабдуу алынган. Жеке менчик кичи ГЭСте өндүрүлгөн бардык электр энергиясы Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде энергия булагы болуп эсептелип, калкка багытталган.

Учурда бул ишке тиешеси бар бардык адамдарды, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иштери жүрүп жатат.

2023-жылдын июлунда “Азаттык” “Энергокризис: Кеминдеги майнинг ферма кимдики?” деген иликтөө жарыялаган. Анда фермага ээлик кылган “Соларкоин” Кыргызстандын энергетика системасынын 30 МВт электр кубатын ала турганы, бул айрым райондордун бүтүндөй же теңинин керектөөсүнө тете экендигин тактаган. Бул жагдай Кыргызстандын энергетика системасында өзгөчө кырдаал жарыяланган маалда ишке ашып жатканы коомчулукта кызуу талаш-тартыштарга жем таштаган.

Иликтөөгө президент Садыр Жапаров жооп берип,“жаз-жай мезгилинде өлкөдө электр энергиясы жетиштүү экенин, ал тургай ашып жатканын" билдирген. Ал ошол себептүү мамлекет майнинг фермага электр жарыгын эң кымбат баа менен 1 кВт/с 5 сом 4 тыйындан сатып жатканын айткан.

Мунун артынан энергетика министри Таалайбек Ибраев "Азаттыкка" маек куруп, Кыргызстандын криптовалюта чыгара турган эки гана майнинг компания – Кеминдеги “Соларкоин” жана "Камбар-Ата-2" ГЭСиндеги "МБТ Строй" компаниялары менен келишим түзүлгөнүн тактаган. Ошол эле маалда ал кеп болгон иликтөө чыккандан кийин "Соларкоин" компаниясы электрди Казакстандан алууну чечкенин билдирген.

Казакстандын Энергетика министрлиги 2024-жылдын мартындагы өз түшүндүрмөсүндө алар токту Кыргызстандын мамлекеттик мекемелерге сатышарын, андан ары кайсы жакка таратарын кыргыз тарап өзү чечерин билдирген.

Мындан кийин Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев өлкөдөгү майнинг фермаларга байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берип, алар электр энергиясын Казакстандан эмес, Орусиядан сатып алып жатканын айткан. Ал өз интервьюсунда Кыргызстандын энергетика системасы транзит катары гана кызмат кылып жатканын айткан.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев быйыл апрелде Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Кыргызстанда катталган майнинг фермалардын саны 31ге жеткенин кеп кылган. Анын айтымында, ошол күнгө карата мунун сегизи иштеп жаткан. Министр билдиргендей, иштеп жаткан майнинг фермалардын бирөө электр энергиясын Орусиядан алып жатса, калганы жеке менчик чакан гидро электр станциялардын кызматынан пайдаланууда.

Интернетте гана жүгүртүлгөн санариптик акча – криптовалюны өндүрүү, кадимки кендерди казып алуу сыяктуу эле майнинг деп аталат. Аны жүргүзгөн ишкерлер “майнерлер”, ишканалар “майнинг-ферма” деген атка конгон. Майнинг кылуу үчүн мындай фермаларга үзгүлтүксүз түрдө жана көп көлөмдө электр энергиясы керектелет. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG