Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:19

Акыйкатчы ким болот?


Бекташ Шамшиев Ушул жылдын 31-июлунда Кыргызстанда адам укугу боюнча атайын өкүл - акыйкатчы тууралуу мыйзам кабыл алынды. Жыл башында республиканын президенти 2010-жылга чейин "Адам укугу" улуттук программасы тууралуу атайын жарлык жарыялап, Кыргызстан адам укугун кадырлаган өлкө экенин ырастады. Шаршембиде адам укугу боюнча атайын өкүл - омбудсмендин ролу жана кызматына арналган жыйын өттү.

Аталган иш чараны Улуттар уюмунун өнүгүү программасы, Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун адам укугу боюнча Бишкектеги бюросу уюштуруп, ага парламенттин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, соттор, массалык маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери катышты. Жыйында Омбудсмен институтун уюштуруу принциптери, статусун аныктоо, шайлоо ыкмасы, каржылоо сындуу олуттуу маселелер талкууга алынып, кызуу пикир алышуу жүрдү. Улуттар уюмунун өнүгүү программасынын жетекчиси Кожи Кавабе (01:10 - 018) "Сиздерге белгилүү болгондой, Улуттар уюму миң жылдык декларация кабыл алган. Биз адам укугун коргоо, мыйзам үстөмдүгүн орнотуу боюнча болгон аракеттин баарын жасайбыз. Улуттар уюмунун өнүгүү программасы декларацияда белгиленген мандатына ылайык адам укугун коргоо боюнча, анын ичинде Кыргызстан да бар, иштерди жасай бермекчи",- деп айтты. Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн эксперти Кристиан Кнуст Кыргызстанда адам укугун коргогон акыйкатчы тууралуу мыйзамдын кабыл алынышы жаңы иштинбашталышы экендигине токтолуп, сөз учугун мындайча улдантты: "Мыйзамдын башында омбудсмен ким экендиги, ага ким шайланары, ишинин мүнөзү, анын кызматтан алынышы белгиленген. Эмки милдет - мыйзамды турмушка ашыруу". Кристиан Кнут кыргыз мыйзамы негизинен бир кишиге ылайыкталып жазылгандай таасир калтырарын, ошондон биринчи шайланган омбудсмендин ишине жараша акыйкатчы институтунун болочогу аныкталарына басым жасады. Ал адам укугу бийлик өкүлдөрү тарабынан эле эмес, бизнес тармагында, үй-бүлө, социалдык чөйрөдө дамамат бузуларын белгилеп, омбудсмен тууралуу мыйзамда бул жагдай чагылдырылбай калганына токтолду. Улуттар уюмунун өнүгүү программасынын эксперттери Томаш Анусевич менен Сергей Сироткин Польша менен Словениядагы омбудсмен институтунун иш тажрыйбасы тууралуу айтып беришти.

Парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Кубатбек Байболовдун пикири боюнча, Кырызстандагы омбудсмен институтунун бутуна туруп кетишине жердешчилик, тууганчылык сындуу "чылыктар" тоскоол болушу мүмкүн. Жаңы киргизилип аткан адам укугун коргоочу акыйкатчынын кара кылды как жарган калыстыгы менен чынчылдыгы, калк арасындагы аброю жаңы институттун болочогун аныктоочу неизги чен-өлчөм экени жыйын катышуучулары тарабынан бирооздон белгиленди. Кыргызстанда жаңы мыйзам кабылданганы менен акыйкатчы кайсы жерде иштери, анын карамагында канча киши иштери, оголе чоң үмүт артылып аткан жаңы кызматтын башында ким турары азырынча белгисиз.
XS
SM
MD
LG