Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:29

ПРАГА:ТАРЫХЫЙ САММИТ


Эсенбай НУРУШЕВ Прага саммитинде кабыл алынган чечимдерди НАТОлук өлкөлөрдүн башчылары тарыхый окуя катары баалашты.Россиянын өкүлдөрү болсо альянстын кеңейишине Москва мын дан ары кооптонбой тургандыгын ырасташты.Ошол эле учурда бир катар эксперттер НАТО го дагы бир катар проблемаларды чечүүгө туура келерин белгилеп жатышат.

Прагада альянска мүчө болгонго чакырык алган жети өлкө ырасмий түрдө НАТОго дагы эки жылдан кийин кошулат.Бирок саммитте кабыл алынган бул чечимдин өзүн жыйынга катышып жаткандардын баары тарыхый маанидеги,атүгүл жаңы доордун башталышын билдирген окуя деп баалашты.Баарын айтып отурбай,айрым бир мүнөздүү пикирлерди гана келтире кетели.Польшанын президенти Александр Квасниевски, мисалы, Прагада эски доор – дүйнөнү Ялта жана Потсдам бүтүмү,Риббентроп-Молотов пактысы боюнча бөлүштүргөн доордун,кансыз согуштун доору аяктады деп билдирди. Айтмакчы, мындан 11 жыл мурда Варшава келишими да дал ушул Прагада таркатылган эле.Бул жолу Прагада кабыл алынган чечим да,Түркиянын президенти Ахмед Сезердин баасында, тарыхый маанидеги иш болду.”Биз үчүн бүгүн тарыхый күн,-деп айтты түрк президенти.-Жаңы мүчөлөрдүн кабыл алынышы альянсты бекемдеп гана тим болбойт,болочокко чоң ишеним менен карап,ишенимдүү адымдаганга,белгилеген максаттарга биргелешип жеткенге шарт түзөт”.
Россиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов британдык “Таймс” гезитинде жарыялан- ган интервьюсунда Түндүкатлантикалык альянстын кеңейишин Москва өзү үчүн мындан ары кооптуу деп санабай тургандыгын ырастады.Ивановдун айтымында,альянс кансыз со-
гуштун аркалуу органынан терроризмге,XXI кылымдын башка коркунучтарына каршы тур- ган коргонуу уюмуна айланды.Бирок россиялык бир катар саясатчылар,алардын ичинде Ду-
манын спикери Селезнев НАТОнун чыгышка көздөй кеңейишин баштагыдай эле “каталык” деп комментариялашты.Селезнев альянстын жаңы мүчөлөрү НАТОнун аскери күч-кубатын арттыра албайт,натыйжада түндүкатлантикалык уюм акырындап жансерек бир союзга ай- ланат деп эсептейт.Деген менен экс-советтик бир катар республикалар,айрыкча Грузия өз эгемендигин кепилдигин альянска мүчө болуудан гана көрөт. Грузия үчүн,президент Эдуард Шеварднадзенин сөзү боюнча,НАТОго өтүү коопсуздук кепилдигин билдирет.”Гру- зия өз тарыхында далай мүшкүлдөрдү көрдү,андыктан ага НАТОго мүчө болгондон башка туура чечим жок”,-деп айтты Шеварднадзе.
Айтор, бүгүн НАТОну “тарыхтагы эң ооматтуу союз” деп атаган кептин ирбити кызып тур- ган учур.Ошентсе да айрым эксперттер альянс үчүн азырынча чечиле элек олуттуу проб- лемалар бар дешет.НАТО кансыз согуштан жеңүүчү болуп чыкты,бирок душмансыз калды. Балкандагы кризис ага чечүүчү сыноо болду.Эгер альянс коопсуздук чөйрөсүндөгү пробле- маларды чечкенге жараган көрөңгөсүн сактап калгысы келсе,эксперттердин айтымында,ал өзүнүн жаңы милдеттерин аныктоого тийиш. НАТО ушу тапта өзүнө өтө эле көп озуйпа ал- ган уюмга айланды,мындай абал аны эртедир-кечтир аксатпай койбойт.Анын үстүнө альян- стын аскерий күч-кубатын чыңдоого уюмдун саналуу мүчөлөрү гана акча сарптаганга куба- ты жетет,калгандары болсо көмөкчү милдеттерди аркалаганга жарайт.Акырында альянс- тын азыркы дүйнөдөгү озуйпа-ордуна Кошмо Штаттарынын көз карашы өзгөрө баштагансы- ды.Вашингтон менен анын НАТОлук союздаштарынын ортосунда стратегиялык буталарды аныктоо жагынан да айрымачылыктар айкын байкала баштады.Мындай факторлордун баа- ры,аналитиктердин айтымында,альянстын зарылдыгын жокко чыгарбайт,ошол эле учурда алар чечилбесе НАТОнун ишин илгерилетпей турганы да кадиксиз дешет.

XS
SM
MD
LG