Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:10

АКШ ПРЕЗИДЕНТИ ЛИТВА ЖАНА РУМЫНИЯДА


Нарын АЙЫП Прага шаарында НАТО саммити аяктагандан кийин, АКШ президенти Джордж Буш 22- жана 23-ноябр күндөрү Орусия, Литва жана Румыния өлкөлөрүн кыдырып, НАТОго мүчө болууга чакырылган Чыгыш Европалык жумурияттардын элдерин куттуктады.

21-22-ноябр күндөрү Прагада өткөн НАТОнун саммитинде уюмга мүчө болуп кирүүгө жети Чыгыш Европалык жумурият - Болгария, Латвия, Литва, Румыния, Словакия, Словения жана Эстония чакырылды. Алар эми альянска 2-3 жылдан кийин кошулушу мүмкүн. НАТОнун 53-жылдык тарыхында мынчалык көп сандагы өлкө уюмга бир мезгилде мүчө болуп кирген эмес жана буга чейин НАТОнун бир дагы бийик жолугушуусу мурдагы социалисттик өлкөдө өткөн эмес.

Саммит аяктаар менен болсо, АКШ президенти Джорд Буш 22-ноябр күнү Орусиянын Санкт-Петербург шаарына барып, кыска убакытка президент Владимир Путин менен жолуккандан кийин, ошол эле күнү Литванын борбору Вильнюс шаарына келди. Шаар көчөлөрүнө миңдеген адам чыгып, тарыхый окуяны майрамдашты.

Эртеси, 23-ноябр күнү, президент Буш Вильнюстун борбордук Ротузе аянтына чогулган элдин алдында чыгып сүйлөп, Балтик элдерин НАТОго кирип жатканы менен куттуктады. Анын айтымында, 50 жыл бою советтик баскынчылыкка каршы күрөшүп, акырында эркиндикке жеткен Латыш, Литва жана Эстон элдеринин кайраттулугун жана азаттыкка умтулганын ал жогору баалайт, алардын НАТОго кошулганы уюмга да жаңы дем берет жана эми Балтик элдерине кол салгандар АКШга кол салган болуп эсептелүүгө тийиш: "Силер катуу куугунтукка туруштук берип, империянын туткунунан түрүү чыктыңар. Бирок ан үчүн силер акысы кайтарылгыс иш кылдыңар, ошондуктан, азаттыктын чыныгы баркын билесиңер".

Анын алдында Вильнюс шаарында төрт президенттин жыйыны болуп, анда Литва президенти Валдас Адамкус америкалык президентти Литванын эң жогорку мамлекеттик ордени менен сыйлады. Чындап эле, америкалык колдоосуз Балтик жумурияттары НАТОго кошула албайт болчу. Латвия, Литва жана Эстонияны 40-жылы СССР басып алгандан кийин, бул үч жумурияттын элинин бир тобу Америкага качууга аргасыз болгон жана өз мекенинин эгемендүүлүгү үчүн сырттан күрөшкөн. Алардын АКШдагы диаспорасы - америкалык конгресс жана өкмөткө да таасир эте алат. 90-жылдардын башында алар СССРден бөлүнүп, кайрадан өз алдынча мамлекет кургандан көп өтпөй, Литванын президенти болуп АКШ жараны Валдас Адамкус, Латвиянын президенттигине болсо, Канада жараны Вайра Вике-Фрайберга айым шайланган.

Ошондуктан, мурда жалаң гана Батыш Европалык жана Түндүк Америкалык өлкөлөрдүн клубу болуп келген НАТО уюмуна Чыгыш Европалык өлкөлөрдүн кошулганы - мурдагы коммунисттик тоталитаризмди алар - саясий, аскерий жана маданий жактан дагы бир жолу жеңгени.

Ошол эле 23-ноябр күнү президент Буш Вильнюстан андан ары Бухарест шаарына барып, Румыния, Болгария жана Словакиянын жетекчилери менен жолугуп, аларды дагы НАТОго кирүүгө чакырылганы менен куттуктады. НАТОго кошулуп жаткан жетинчи мамлекеттин - Словения элин - бул тарыхый окуя менен 23-ноябр күнү өлкөгө атайын сапар менен менен келген АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелд куттуктады. Мурдагы Югославия федерациясына кирген жумурияттардан НАТОго биринчи болуп Словения кирүүдө жана ал чындап эле мурдагы социалисттик өлкөлөрдүн ичинен эң өнүккөндөрдүн бири. Словения өз эгемендүүлүгүн 1991-жылдын июн айында жарыялаган жана Федерация ага каршы өкмөттүк аскер жибергенде, словендер аларды өз чек арасынан өткөрбөй койгон.

НАТОго Чыгыш Европалык жумурияттарды кошуу менен АКШ НАТОдогу өзүнүн турумун да бир топ бекемдөөдө, анткени жаңы мүчө-мамлекеттер эми алкыш иретинде уюмдун ишинде АКШнын саясатын колдойт.
XS
SM
MD
LG