Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:54

ЧЕЧЕН КАЧКЫНДАРЫ КАЙДА БАРАТ?


Казакстандык тургун чечендердин тайпасы, айрым эсептерге караганда, отуз миңден ашат. Түндүк Кавказда коогалаң башталгандан бери аларга дагы он эки миңдей обосол келип кошулду. Жакында болсо Ингушетиядагы качкындар лагерин баш маанек кылып отурган үч жүздөй бозгун-тозгун адамдар да Казакстандан орун-очок сурап кайрылды. Казак бийликтери Москвадагы окуядан кийин келгин чечендердин агымынан кооптоно баштады.

Казакстанда чечендердин тайпасы дүйнөлүк экинчи согуш маалында пайда болгон. Сталин түндүк Кавказдагы калктарды мажбурлап жер ооду кылган жылдары чечендер казак жерине да үлөштүрүлгөн эле. Алардын көбү кийин түпкү журтуна кайтышкан, калгандары очор-бачар орозгер күтүп, Казакстандагы тургун калкка айланган. Иса менен Мариам болсо чиедей төрт баласы менен Казакстанга былтыр келишкен эле. Азыр Алматыга жакын кыштактардын биринде турушат. Базарларда кытайдын кызыл жабар товарлары менен алып сатарлык кылып жүрүп, чакан үй куруп алышты, ортомыян оокатка жетишти. Бирок быйыл октябрда Москвада болуп өткөн окуядан кийин алардын көңүлүнө бүлүк түштү. Жергиликтүү бийликтер каттоо барагынын мөөнөтүн узартпай, дурусу өз жериңерге кайткыла деп айтышты. ”Чеченстанга барсак кыргында өлөбүз, - дейт Иса. - Чеченстан азыр бала-бакыралуу үй-бүлөгө баракат жашай турган жер эмес”. Андыктан Иса балдары борбую катып, боорун жерден көтөрүп алгыча Казакстанда тургусу келет. Анын үстүнө Исанын улуу муундагы көптөгөн тууган-уруктары казак жерин экинчи мекени деп эсептешет. Бирок Исага окшоп согуштун айынан Казакстанга ооп келген чечендер акыркы кездери камыштай калың тартып баратат. Алардын баары эле ала жипти аттабаган немелер эмес. Жергиликтүү бийликтер айрыкча келгиндер арасында адабатчылдыгы ашынган исламчылар болуп калышы мүмкүн деп кооптонушат. Анан калса качкындар өз бөгүн эптеп бөктөп жаткан өкмөткө, анын казынасына жүк болору калетсиз.
Маселеге көмөктөшкөнү ООНдун качкындар боюнча мекемеси менен Казакстан атайын программа түзүп, Чеченстанда жагдай жайына келгиче бозгун-тозгундарды баш калкалата турууну макул табышкан эле. Бирок Москвадагы окуядан кийин аталган программа иш жүзүндө токтоп калды. Казак бийликтери келгиндерди өзгөчө эсепке алып, атүгүл 16 жаштан 60 чейинки бардык эркектана чечендердин кол тагын кагазга бастырып, катуу көзөмөл кыла баштады. Мындай иш чараларды качкын чечендер Москванын кысымы же болбосо анын медилин алуу максаты менен жасалып жатат деп эсептешет. Жакындан бери чечен качкындарына берилчү каттоо барактары алынып салынды. Арасат абалдан улам көпчүлүк чечендер, Казакстандагы балдар фондусунун төрайымы Элвира Ватлинанын сөздөрү боюнча, балдарын мектепке бере албай калышты. Ооруп-сыркап калганда доктурларга көрүнүп, дарылануу да кыйын боло баштады. Айрым маалыматтарга караганда, казак бийликтери жакын аралыкта шаарларды жана айыл-кыштактарды мыйзамсыз негизде жашап жаткан чечендерден тазалоо өнөктүгүн өткөрүшү мүмкүн.
ООНдун эксперти Себаа мындай чаралар Казакстандын коопсуздугун бекемдей албайт деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG