Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:25

КРИСТМАСС КЫТАЙДА ЖАНА БАШКА АЗИЯ ӨЛКӨЛӨРҮНДӨ ДА БЕЛГИЛЕНЕТ.


Дүйнө жүзүн майрамдык белек, балдардын оюнчуктары менен камсыздап-түгөлдөгөн Кытайда соңку кездери Батыштын бапыраган майрамдарынын популярдуулугу өсүүдө. Азыркы тапта жаңы жыл алдындагы Кристмасс, сүйгөндөрдү күттүргөн «Валентин күнү» жана башка Батыштан тараган майрамдар Кытайда гана эмес, Япония, Корея жана башка Азиялык өлкөлөрдө да белгилене баштады.

“Сыныктан башканын баары жугуштуу” дегендей, Батыштын бапыраган майрамдарын кооз-жылтылдак оюнчук, майда-барат белек-бечкектер менен камсыздап берчү Кытай соңку кездери өзү да ал майрамдарды баштагыдай жерибей, жакынсый баштаган сыяктуу. Европага жаркылдап кирип келген азыркы Кристмасс майрамы күндөрү Бэйжинге барып калсаңыз, баарынан коммерциялык кызыкчылыкты алдыга койгон кытайлык соодагерлер дүкөндөрүнө кооз балатыларды коюп, терезе-эшиктерин жылтылдак буюмдар менен жасалгалап койгонун көрө аласыз. Бэйжинде иштеген Америкалык журналист Роберт Марганд соңку кездери Кытайга Батыш маданияты ушундай тездик менен тарап баратканын белгилеп, “мындан 5 жыл мурун Кытайдын баш калаасында Иса пайгамбардын туулган күнүнүн белгисин да тапмак эмессиз”, - деп эскерет. Анын айтымында, Кытайда соңку жылдары Кристмасс гана эмес, сүйгөндөр кат жазышып-сөз табышчу Валентин күнү, Аталар жана Энелер күнү, адаттан тышкаркы Сенксгивинг жана Хэллуин майрамдары да акырындап жайылып баратканы байкалууда. Токиодогу София университетинин профессору Марк Муллинс бул көрүнүштөр бир жагынан жергиликтүү калктын динге болгон кызыгуусунун күчөшүнөн болсо, 2-жагынан коммерция, соода-сатык байланыштары менен кошо каптап келаткан Батыш маданиятынын кесепеттери деп эсептейт.

Өткөн айда Кытайдагы Кристмасс майрамынын шаан-шөкөтүн арттырыш үчүн Швециядан 5 Санта Клаус, же кыргызчалап айтканда, Аяз Ата алынып келинди. Кытайлык чоң шаарлардагы дүкөндөрдө «Кристмасс торту” жана башка салттуу таттуу-паттуулар сатылууда. Ал эмес, декабрдын башында Бэйжиндеги чиркөөдө өкмөттүн уруксаты менен Кристмасс майрамына карата атактуу немец композитору Гендельдин "Мессиясы" аткарылды.

Кытайдын алты чоң шаарында жүргүзүлгөн сурамжылоолор көрсөткөндөй, азырынча жергиликтүү калктын 15 % гана Батыштын башкы майрамдарын өзүлөрүнө жакын санап, ал күндөрү көңүлү шаттана түшөөрүн айтышкан. Ал эми Батыш баалуулуктары күнүмдүк жашоосуна сиңип калган Японияда Иса пайгамбардын туулган күнү – кадимки иш күнү болсо да, бул өлкөдө да Кристмассты коштой жүрчү белек-бечкектер сатылып, коомдук жайларда атайылап даярдалган таттуу тамак-аштар сунуш кылынат. Кристмасс майрамы калкынын басымдуу бөлүгү буддисттер саналган алыскы Вьетнамга да баш бага баштады. Акыркы жылдары Ханойдо декабрдын башынан тарта балатылар сатылып, кызыл-ала кийимчен, ак сакалдуу Санта Клаустар майрамдын шаанисин сездирип турушат. АКШлык аскерий базалар жайгашкан Филиппин менен Түштүк Кореянын башкы шаарлары азыркы Кристмасс күндөрү Батыш Европанын күнү-түнү көз жоосун ала күйгөн лампочкалар менен кооздолгон калааларынан кем калышпайт. Азиялык өлкөлөрдү кеп кылган соң, «Кыргызстанда Кристмасс майрамы кандайча белгиленет?» деген суроо менен дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Наталья Шадровага кайрылган элек. «Кыргызстанда католиктердин эки чиркөөсү катталган. Анын башында жергиликтүү немец – Александр Кан турат, анын Ватикандын өкүлү деген дипломатиялык статусу бар. Бизде болгону 200-300дөй католиктер бар. Аларга протестанттар кошулуп, Кристмасс күндөрү майрамдык сыйынуу жана башка иш-чараларын өткөрүшөт», - дейт кыргыз өкмөтүнүн алдындагы дин комиссиясынын өкүлү Шадрова.

Ошентип, байкоочулар Батышта кеңири шаан-шөкөт менен майрамдалчу Иса пайгамбардын туулган күнү, же Кристмасс майрамы акырындап Азияда да популярдуу болуп баратканын белгилешет. Балким, бул маселенин психологиялык да жагдайларын изилдөө керектир. Анткени кытайлык аялдар, маселен, өзүлөрүнүн улуттук майрамдары учурунда түрдүү тамак-аш жасап, тийиштүү кийим-кечек издеп, убайым тарткандан көрө, Батыштык майрамдар учурунда көбүрөөк эс алып, көңүлү көтөрүлөөрүн айтышкан.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG