Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

ПХЕНЬЯН МЕНЕН ВАШИНГТОНДУН ЭРӨӨЛҮ


Түндүк Корея, эгерде өз сөзүндө турса, өзөктүк каруу-жаракты жайылтпоо жөнүндөгү эл аралык келишимден чыккан биринчи өлкө болот. Ырасмий Пхеньян Бириккен Улуттар Уюмунун инспекторлорун өлкөдөн кууп чыгып, буга чейин жабык турган өзөктүк реакторун иштетүүгө кам көрүүдө жана стратегиялык ракеталарды сыноо улантылат деп сыр көрсөтүүдө. Бул кадамдар Вашингтонду сүйлөшүүгө мажбурлоо үчүн жасалууда дешет талдоочулар.

Президент Ким Чен Ир эл аралык курчоодон жана экономикалык каатчылыктан улам «таш жолдогу такасыз аттай мөңкүп» турган Түндүк Кореянын кадыр-баркын көтөрүү үчүн, ошондой эле, АКШны Пхеньяндын өзөктүк (ядролук) программасы боюнча сүйлөшүүгө мажбурлоо максатында, чоң олжодон үмүт кылган кумарбаз катары «туз көзүрүн» ортого таштады.

“Биз, өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү али толук бүтпөгөн, бир жактуу келишимден токтоосуз чыгабыз жана убактысы келмейинче келишимге кошулбайбыз”, - деп жарыялады Түндүк Корея 10-январда.

Ырасмий Пхеньян аны менен тынчыбастан, психологиялык кысымын дагы күчөттү жана өз талабын биротоло ачыкка чыгарды. Түндүк Кореянын Кытайдагы элчиси Хо Чин Су: “Келечекте биздин жүрүм-турумубуз Кошмо Штаттарга байланыштуу болот. Эгерде АКШ душмандык саясатынан баш тартып, бизди муунтуу аракетин токтотсо, Корея Элдик-Демократиялык Республикасы эч кандай өзөктүк куралы жок экенин көз карандысыз байкоочулардын алдында АКШга далилдөөгө даяр. Бирок, АКШ бардык келишимдерди жаратпай койгондуктан, ракеталарды сыноо токтотулбайт”, - деп жекшемби күнү Бээжинде билдирди.

Америкалык талдоочу Ральф Коссанын ишениминде, Пхеньян муну менен Вашингтондун “итиркейин келтирген” өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүдө Кошмо Штаттарга мунасага барууга мажбурлоону, аны өзөктүк куралга ээ мамлекет деп таанытууну жана коопсуздугуна кепилдик берүүгө Ак Үйдү көндүрүүнү көздөйт.

Кошмо Штаттар Пхеньяндын “мышык-чычкан оюнуна” кошулуп, Түндүк Кореянын жетекчилигин шердентүүнү каалабайт. Пхеньян 1994-жылкы эки жактуу аскерий келишимге ылайык, өзөктүк программасын өнүктүрүүнү токтотсо гана, АКШ сүйлөшүүнү улантууга макул. Аталган келишимден Түндүк Корея былтыр октябрда чыгып кеткен. Президент Ким, арийне, бычактын мизин басып, от менен ойноп, Жорж Буштун администрациясын да жарга такап жатат дешет байкоочулар.

АКШ, өз кезегинде, сүйлөшүүдөн баш тартып, Кимди бурчка камап жатат. Себеби, Түндүк Кореянын эл аралык милдеттенмесинен баш тартышы региондогу кырдаалды осолдотуп, Жапония менен Түштүк Кореянын “түн уйкусун” алаары анык.

Мындай кырдаалда, АКШнын мурдакы мамлекеттик катчысы Мадлен Олбрайт айымдын пикири боюнча, Вашингтон сүйлөшүүгө барышы абзел. “Сталин жана Мао менен сүйлөшкөндөн кийин, эмне үчүн Ким менен сүйлөшпөйбүз?”,-дейт Олбрайт айым Испаниянын “El Pais” гезити менен ой бөлүшүп.

Ирак менен алпурушуп жаткан Ак Үй Пхеньяндын чакырыгын жоопсуз калтырып, сүйлөшүүгө барбаса, эл аралык коомчулукта “Вашингтон “балакет үчилтикке” кирген өлкөлөргө карата тегиз саясат жүргүзбөйт” деген кепке калышы ыктымал. Ошон үчүн, Вашингтондун сүйлөшүүгө баруудан башка айласы жок деп санайт башка бир америкалык адис Даниэл Пинкстон.

Байкоочулардын пикирине караганда, Түндүк Корея эртең эле алаамат куралга ээ болбосо да, жакынкы беш жыл ичинде ага жетери айкын. Же болбосо ал өзөктүк дүрмөт үчүн зарыл болгон плутонийди “Ал-Каида” сындуу кардарларга сатып жибериши да ыктымал. Ошондо эч ким күтпөгөн жана эч ким көзөмөлдөй албаган балакет болот. Вашингтондогу Карнеги атындагы фонддун Өзөктүк куралдарды жайылтпоо боюнча программасынын башчысы Йозеф Сиринсионе, андай кыяматтын алдын алыш үчүн Буштун өкмөтү Түндүк Корея менен сүйлөшүүгө барганы оңдуу деп санайт.

XS
SM
MD
LG