Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

ЭЛДИК РЕФЕРЕНДУМДУН ЖЫЙЫНТЫГЫ ТУУРАЛУУ ТАЛАШ-ТАРТЫШ УЛАНУУДА


Бакыт Аманбаев, Бишкек Кыргызстанда элдик референдумдун жыйынтыгы боюнча талаш-тартыш уланууда. Оппозиция «элдик референдумга жалпы шайлоочулардын 30-40% катышты» деп айтса, бийлик өкүлдөрү аны жокко чыгарып, коомчулук референдумга активдүү катышкандыгын жарыялашты.

Борбордук шайлоо комиссиясы элдик референдумга алдын-ала алынган маалымат боюнча республикадагы жалпы шайлоочулардын 86,38% катышкандыгын жарыя кылды. Ал эми облустук бийлик өкүлдөрү мындан да жогорку көрсөткүчтөрдү айтышууда. Маселен, Нарын облусунун бийлиги элдин 97% референдумга катышкандыгын билдирсе, Ысыккөл облусунун эли 97,16%, Жалалабаддыкы 94%, ал эми Таластын эли 99,1% референдумга катышкандыгы кабарланды. Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Сулайман Иманбаев референдум күнү олуттуу мыйзам бузуу болбогондугун, эмгиче жергиликтүү жана облустук шайлоо комиссияларына, сот органдарына кандайдыр-бир мыйзам бузуу фактылары тууралуу бир дагы арыз түшпөгөндүгүн маалымдады.

Расмий бийлик өкүлдөрүнүн мындай маалыматына республикадагы эркин байкоочулар, оппозиция жана айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү макул эмес. Алардын пикиринде, элдик референдум ишке ашкан жок, анткени референдумга аткаруу бийлик өкүлдөрүнүн кийлишүүсү менен карапайым элдин, көп болсо, 35-40% пайызы араң катышты. Бул тууралуу 4-февралда маалымат жыйынын өткөргөн укук коргоочу Турсунбек Акун буларды айтып берди:

- Биз ар кандай мыйзам бузуулар тууралуу беш акты түздүк. Андан сырткары, мен тааныган Ташбашат айлынын балдары райондук акимчиликте иштеген адамдардын буйругу менен үймө-үй кыдырып, элди референдумга үндөп жүрүштү. Мындан сырткары айылдагы бригадирдин баласы Эркин Орозоев «референдумда 50% добуш чогулбай жатат» деп айылдарды кыдырып жүргөндүгү айтылды. Бул фактылар тууралуу протокол толтурулду. Бул эмне, факты эмеспи?

Ошондой эле Турсунбек Акун референдум күнү болгон мыйзам бузуулар тууралуу жазылган арыздарды алуудан жергиликтүү шайлоо комиссия мүчөлөрү караманча баш тартышкандыгын кошумчалады:

- Мен көзөмөлдүк кылган Ташбашат айылынын шайлоо комиссиясынын башчысы мен жазган арызды албай койду. Анткени аларга бир дагы арызды албагыла деген көрсөтмө берилиптир.

Ал эми Аксы окуясында жабыр тарткандарды коргоо боюнча коомдук комитеттин жетекчиси Кубанычбек Маматкеримовдун айтымында, элдик референдумга Аксы районунун элинин 17 % пайызы катышты:

- Жаңыжол айылындагы 2441 шайлоочудан референдумга 10%, Каражыгачтагы 470 шайлоочунун 10,5%, ал эми Карасуу айлындагы 2972 шайлоочудан эч ким референдумга катышкан эмес. Мына ушундай эле көрүнүш Аксы районунун башка шайлоо участокторунда да катталды.

Кубанычбек Маматкеримовдун жогорудагыдай пикирин ушул эле күнү Аксы районунун акимчилигинин өкүлдөрү жокко чыгарып, референдумга аталган райондун элинин 70,6% катышкандыгын кабарлашты.

Ошентип, учурда кыргыз коомчулугунда элдик референдумдун жыйынтыгы тууралуу талаш-тартыш уланууда. Укук коргоочу Турсунбек Акун элдик референдумдагы мыйзам бузуу фактылары тууралуу өлкөнүн Конституциялык Сотуна, андан соң эл аралык коомчулукка кайрыла тургандыгын билдирди. Ал эми Аксы окуясында жабыр тарткандарды коргоо боюнча коомдук комитеттин башчысы Кубанычбек Маматкеримов ушул жуманын соңунда райондун борборунда нааразылык акциясы өткөрүлө тургандыгын маалымдады.

XS
SM
MD
LG