Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:41

Рахмон менен Путин Орусиядагы мигранттар маселесин талкуулашты


Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон. 9-май, 2024-жыл. Москва.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон. 9-май, 2024-жыл. Москва.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Орусиянын лидери Владимир Путин менен 9-майда Кремлде жолугуп жатып, эмгек мигранттарынын маселесин талкуулоону сунуштады.

“Бул биз үчүн абдан аярлуу жана эң негизги темалардын бири”, - деди Рахмон.

Тажикстандын президенти Москвага Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 79-жылдыгына арналган иш-чараларга жана КМШ мамлекеттеринин лидерлеринин бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн 8-майда барган.

Орусияда "Крокус Сити Холлдогу" 22-мартта болгон кандуу калабадан кийин тажик мигранттарын текшерүү, депортациялоо, куугунтуктоо күч алган. Буга терактты уюштурууга байланышы бар деп кармалгандардын көбү тажик тектүү экени түрткү болду.

Расмий Дүйшөмбү “Орусиянын аймагында Тажикстандын жарандарынын укуктарынын бузулушуна байланыштуу учурлар көбөйгөнүнө тынчсыздануу” билдирип, Орусиянын Тажикстандагы элчисине 29-апрелде нааразылык нотасын тапшырган. Андан тышкары Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарына Орусияга барбай турууну эскерткен.

Жолугушуу маалында Эмомали Рахмон Орусияны стратегиялык өнөктөш жана Тажикстандын башкы союздашы деп атап, Орусиянын чет жактагы эң ири аскердик базасы Тажикстанда жайгашканын дагы бир ирет эске салды. Путин дагы эки өлкөнүн алакасы көп багытта активдүү жүрүп жатканын белгиледи.

Мигранттар маселеси боюнча эки президент кандай бүтүмгө келгени белгисиз.

Орусияда эки миллионго чукул тажикстандык эмгектенет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG