Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:23

Каракулжада шайлоочулардын нааразылык жыйыны болуп өттү


ОШ. Шаршемби күнү Ош облусунун №33 Каракулжа шайлоо округунда 250 адам катышкан жыйын болды. Анын катышуучулары аталган шайлоо округунда Мыйзам чыгаруу жыйынына шайлоонун экинчи турунунун өткөрүлбөй жаткандыгына нааразылык билдиришти. Жыйындын соңунда алар өлкөнүн жогорку бийлик жетекчилеринен Мыйзам чыгаруу жыйынына талапкер Үсөн Сыдыковду шайлоонун экинчи туруна катыштырууну талап кылышып, эгерде бул талап аткарылбаса Ош шаардык администрациясынын имаратынын алдына пикетке чыга тургандыктарын эскерткен токтом кабыл алышты. Бул тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын ушул чогулушка катышкан депутаты Бектур Асанов кабарлады. Жогорудай маалыматты ушул эле күнү аталган райондун акимчилигинен да ырасташты. Каракулжа районундагы шайлоонун биринчи турунан шайлоочулардын 47% ашуун добушун алган Үсөн Сыдыков Ош шаардык сотунун жана Жогорку Соттун чечими менен шайлоонун экинчи туруна катышуу укугунан ажыратылган.

XS
SM
MD
LG