Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:32

ЕБ "чет элдик агент" мыйзамынан улам Грузия менен визасыз режимди жоюуну караштырууда


Грузия менен Евробиримдиктин желектерин жамынган демонстрант кыз полиция кызматкерлеринин алдында турат. 14-май, 2024-жыл. Тбилиси.
Грузия менен Евробиримдиктин желектерин жамынган демонстрант кыз полиция кызматкерлеринин алдында турат. 14-май, 2024-жыл. Тбилиси.

Евробиримдикке мүчө төрт мамлекет - Нидерланд, Эстония, Чехия жана Швеция грузин өкмөтүнүн "чет элдик агент" мыйзамын кабыл алуу аракетине жооп катары Тбилисиге санкция киргизүүнү талап кылып жатышат. Бул тууралуу 22-майда Financial Times (FT) гезити жазды. Ыктымал чектөөлөрдүн арасында Евробиримдик менен Грузиянын ортосундагы визасыз режимди токтото туруу, даректүү санкциялар жана европалык фонддордон каражат бөлүүнү токтотуу сунуштары бар.

Басылманын жазышынча, Грузияга каршы ыктымал санкцияларды киргизүү тууралуу шаркетке мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери кийинки аптада талкуулашат. Санкция киргизүү үчүн 27 мамлекеттин тең макулдугу керек. Маалым болгондой, Венгриянын бийлиги грузин өкмөтүнүн бул чечимин колдойт.

Орусиянын мыйзамына окшош деп сынга алынган талаштуу мыйзамга каршы демонстрациялар Грузияда бир айдан бери уланууда. Миңдеген жарандардын нааразылыгына карабай парламент 14-майда аталган мыйзамды кабыл алган.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили парламент кабыл алган мыйзам долбооруна 18-майда вето коюп, бул мыйзам Конституцияга, Европа стандарттарына карама-каршы келерин, Орусиядан көчүрүлгөндүктөн, артка кайтарылышы керектигин белгилеген.

Бирок бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы президенттин ветосуна каршы добуш берери күтүлүүдө.

ЕБ грузин жарандарына шенген аймагына 90 күнгө визасыз кирүүгө 2017-жылы апрелде уруксат берген. Ал эми былтыр Грузия Евробиримдикке кошулууга талапкер макамын алган.

Буга чейин "чет элдик агент" тууралуу мыйзам кабыл алынса, санкциялар салынарын АКШ да эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG