Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:35

УКМК маңзат сатуу менен алектенген чет элдиктер кармалганын маалымдады


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) чет элдик жаранды барымтага алып, акча талап кылуу, баңгизаттарды сактоо жана колдонуу, Кыргызстандын миграциялык мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Египеттин 5 жараны кармалганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, алар Telegram аркылуу баңгизат сатып алып жүрүшкөнү аныкталган.

"Телеграмдагы "Трава шоп" деп аталган топтун администратору берген даректердин негизинде Бишкектин бардык райондору боюнча атайын ташталган баңгизаттар чогултулуп, тиешелүү дозалар менен чет өлкөлүк студенттерге сатылган", - деп жазылган анда.

Жыйынтыгында маңзаттарды сатуу каналынын негизги уюштуруучусу, Египеттин жараны Ш.А.Х. аттуу жаран кармалып, Биринчи Май райондук сотунун токтому менен Бишкектеги №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынган.

Коопсуздук кызматы бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана интернеттеги социалдык тармактар аркылуу жаштар арасында баңгизаттарды жайылтууну токтотуу иштери уланып жатканын билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, соңку үч жыл ичинде баңги затка байланыштуу 3,5 миңге чукул кылмыш катталып, 17 тоннадан ашык баңгизат алынган. Бул кылмыштар боюнча 500дөн ашык адамга айып коюлган. Үч жыл ичинде маңзат даярдоого ылайыкташкан 30га чукул лаборатория аныкталган.

Мыйзам боюнча маңзат соодасына аралашкандар мүлкүн алып коюу менен 10 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG