Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:04

БУУ коопсуздуктан улам Рафахта азык-түлүк бөлүштүрүүнү токтотту


Тамак-аш бөлүштүрүүчү жайга казан-табагын көтөрүп келген балдар. Рафах.
Тамак-аш бөлүштүрүүчү жайга казан-табагын көтөрүп келген балдар. Рафах.

Бириккен Улуттар Уюму Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарында азык-түлүктү бөлүштүрүү ишин коопсуздуктан жана гуманитардык жардамдын жетишсиздигинен улам убактылуу токтотту. Бул тууралуу уюмдун Палестин качкындарына жардам көрсөтүү боюнча Жакынкы Чыгыштагы агенттиги X социалдык түйүнү аркылуу 21-майда билдирди.

Эл аралык коомчулуктун эскертүүлөрүнө карабай, Израил армиясы май айынын башынан бери Рафахта аскердик аракеттерди жүргүзүп, абадан айрым турумдарга сокку уруп келет.

БУУнун билдирүүсүнө караганда, 6-майдан бери Рафахтан 900 миңдей киши чыгып кетти. Алар Газадагы "Аль-Мавази" лагерине жайгашты. Бул жерди Израил армиясы "гуманитардык аймак" катары жарыялаган. Рафахта дагы 400 миңдей киши бар.

Эл аралык уюм анклавдагы гуманитардык операциялардын баары үзгүлтүккө учурашы ыктымал экенин эскертти.

Газадагы соңку жаңжалдын чыгышына ХАМАС радикал тобунун 7-октябрдагы Израилге кол салуусу түрткү болгон. Анда жоочулар 1200дөй адамды өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алганы кабарланган. Учурда туткунда 130дай киши бар экени маалымдалып келет. Хамасчыларга жооп катары Израил Газадагы аскердик операциясын баштаган. Андан бери анклавда 37 миңдей кишинин өмүрү кыйылганын жергиликтүү Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG