Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:45

УКМК кырдаалды туруксуз кылуу үчүн чагымчыл тасма даярдалганын билдирди


Улуттук коопсуздук комитети Камчыбек Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрү жана саясий күчтөр Кыргызстанда аймак аралык кастыкты козутуу менен кырдаалды туруксуздаштыруу, бийликти басып алуу максатында чагымчыл видеотасма даярдаганы тууралуу маалымат түшкөнүн билдирди.

Видеону даярдоого катышы барлар аныкталганын, алар боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын мекеме 22-майда кабарлады.

УКМК расалык, этностук, улуттук, аймактык жана диний кастыкты козутууга багытталган бардык иш-аракеттер жана массалык башаламандыкка катышкандар 15 жылга чейин эркинен ажыратыларын эскертти.

Атайын кызмат видеролик элге тараганбы, жокпу, качан, кайсы жерде тартылган деген суроолорго жооп берген эмес.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн башчысы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 2-ноябрда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке жеткирилип, камалган.

Райымбек Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG