Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:48

Сот Мадумаровдун өкүмгө каршы арыз берүү мөөнөтүн калыбына келтирүү өтүнүчүн канааттандырды


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 22-майда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун ага райондук сотто чыккан өкүмгө каршы арыз берүүнүн мөөнөтүн калыбына келтирүү боюнча өтүнүчүн канааттандырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” саясатчынын Сейитбек Довлатов билдирди. Ал эми Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна кайра апелляциялык арыз берилерин айтты.

Бул маалыматты Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы да ырастады.

“Соттун 2024-жылдын 22-майындагы чечими менен соттолгон М.А.К. жана анын адвокатынын 2024-жылдын 26-мартындагы өкүмгө даттануунун өтүп кеткен процесстик мөөнөтүн калыбына келтирүү боюнча арызы канааттандырылды. Өткөрүлгөн процессуалдык мөөнөт калыбына келтирилди”, - деп айтылат маалыматта.

Майдын башында Биринчи Май райондук соту Адахан Мадумаровдун шаардык сотко жолдогон кайрылуусун “арыз берүүнүн мөөнөтү өтүп кеткен” деген негиз менен четке каккан. Саясатчынын адвокаттары буга каршы болуп, арыз берүүнүн мөөнөтүн калыбына келтирүү боюнча өтүнүч берген.

Адахан Мадумаров 26-апрелге караган түнү жети ай УКМКнын тергөө абагына отуруп чыккандан кийин боштондукка чыккан. Бул күнү биринчи инстанциянын чечимине 30 күн болгон.

26-мартта Биринчи Май райондук соту Адахан Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин абакта калтырылган. Бул аралыкта анын адвокаттары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна даттанган эмес.

Адахан Мадумаров “Кылмыш-жаза процесуалдык кодексинин 400-беренесинин 1-пунктунда соттун өкүмүнө апелляциялык даттануу камактагы адам өкүмдүн көчүрмөсүн алгандан кийин 30 күндөн кийин кайрылса болорун, ал өкүмдүн көчүрмөсүн 16-апрелде гана алганын” айткан. Ушундан улам 15-майга чейин апелляциялык арыз бергенге убакыт бар экенин билдирген.

Адахан Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.

Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралганын билдирген. Саясатчы ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Адахан Мадумаров “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда иш “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен тергелип, өкүм чыгардын алдында ал “Бийликтен аша чабуу” беренесине алмашканын билдирди. Саясатчынын соту жабык өткөндүктөн. буга чейин берене өзгөртүлгөнү тууралуу маалымат берилген эмес.

Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу жаран 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевге да айып коюлган.

Адахан Мадумаров 2023-жылы 2-сентябрда кармалган. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында отурган. Оппозициялык саясатчы өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, соттун чечимин “жапайычылык” деп баалаган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 26-апрелде соттун чечимин негиз кылып, Адахан Мадумаровду мандатынан ажыраткан. Саясатчы Боршайкомдун бул чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз берген. 20-майда сот саясатчынын мандаты боюнча арызын четке какты. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG