Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:45

Словакиянын президенти Ысыккөл облусуна иш сапары менен барды


КАРАКОЛ. 5-мартта Словакиянын президенти Ысыккөл облусуна иш сапары менен барды. Аны Чолпоната шаарындагы аэропорттон облустун губернатору Эмилбек Анапияев, Ысыккөл районунун акими Жангазы Акматов баштаган коомчулуктун өкүлдөрү тосуп алышты. Словакиянын мамлекет башчысы Чолпоната шаарындагы ат майданында уюштурулган улуттук ат оюндарын көрдү. Ошондой эле «Манас ордо» комплексинде болуп, кыргыз элинин улуттук көркөм дөөлөттөрү менен таанышты. Өз ара сүйлөшүүлөр учурунда Рудольф Шустер «эки өлкөнүн соода-экономикалык байланышын чыңдоонун бир жолу - Ысыккөлдө туризмди өнүктүрүүнү эл аралык деңгээлге жеткирүү» деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG