Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

"Оор күндөр алдыда". Украинадагы согуш качан аяктайт?


Украин аскерлеринин Донецк облусундагы позициясы. 2024-жыл, март айы.
Украин аскерлеринин Донецк облусундагы позициясы. 2024-жыл, март айы.

Украин армиясы Донецк облусундагы аймактарды көзөмөлдөй албай калууда. Авдеевкага жакын жерде орустар Украинанын куралдуу күчтөрүн которуштуруудагы мүчүлүштүктөн пайдаланып, Очеретное айылын дээрлик бүт бойдон басып алды.

Краматорск багытында алар стратегиялык бийиктикте жайгашкан Часов Яр шаарына карай чабуулду күчөтүп жатат. Киев бир жума мурда Конгресс дээрлик алты айга созулган талкуудан кийин жактырылган АКШнын көп күттүргөн аскерий жардамы кырдаалды турукташтырууга жардам берет деп үмүттөнөт.

Ал арада батыштык эксперттер Украина үчүн дагы бир көйгөй – аскердеги өздүк курамдын жетишсиздиги андан да маанилүү экенин бир добуштан айтууда. Ал эми Жогорку Рада акыры кабыл алып, Владимир Зеленский кол койгон мобилизациялык мыйзам маселени чечүүгө мүмкүндүк береби же жокпу, белгисиз.

Өткөн апта башынан бери X социалдык тармагында бир нече аскерий талдоочулар фронтто болуп жаткан окуяларга баа берген жоромолдордун кеӊири тизмегин жарыялап, Украина 2022-жылы Орусия жапырт басып кире баштагандан берки эң оор кырдаалга туш болушу мүмкүн деген пикирге келишти.

“Свобода” радиосу аларды орус тилине анча-мынча кыскартуулар менен которуп жарыялоону чечти.

“Кырдаал абдан оорлошкондой көрүнөт, жакынкы апталарда оӊолушу кыйын. Мунун үч себеби бар, бул жерде эч кандай күтүүсүз нерсе жок. Украин тараптын көйгөйлөрү көптөн бери белгилүү: ок-дары тартыш, адамдар жетишпейт, чептер бекемделбей турат, - деди “Рохан Консалтинг” компаниясынын талдоочусу Конрад Музыка.

Артиллериялык ок-дарылардын жетишсиздик [көйгөйүн] түшүнүү үчүн Украинанын Куралдуу күчтөрүндө 2023-жылдын жай айына салыштырмалуу азыр снаряддарды 70-90% аз сарптаган бөлүкчөлөр бар экенин белгилей кетсек жетиштүү болот. Артиллериялык аткылоо мүмкүнчүлүгү кыйла чектелүүдө – көбүнчө бригада командирлери уруксат бергенде гана болот. Бул жагынан алганда, Американын жардамы азыр өтө зарыл, анткени ал орустар менен украиналыктардын ортосундагы [снаряддардын саны боюнча] теӊдешсиздикти азайтууга жардам берет. Бирок биз дагы эле теӊ ата болуу жөнүндө эмес, кескин айырмачылыкты азайтуу жөнүндө гана айтып жатабыз.

Донецк облусундагы мДШВм 148-артиллериялык өзүнчө бригадасынын аткычтары турган жердеги M777 гаубицалары үчүн ок-дарылар. 20-апрель, 2024-жыл.
Донецк облусундагы мДШВм 148-артиллериялык өзүнчө бригадасынын аткычтары турган жердеги M777 гаубицалары үчүн ок-дарылар. 20-апрель, 2024-жыл.

АКШдан келген жардам согуштун жүрүшүн өзгөртпөйт, Украинанын абалын убактылуу гана жакшыртат. Биз дагы эле АКШдан да, Европадан да узак мөөнөттүү жана системалуу чечимдерди, ошондой эле Украинага (Батыш кеңешчилери менен бирге) жана демилгени колго алуу үчүн фронттогу иш-чараларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн бере турган конкреттүү аскердик колдоо планын күтүп жатабыз.

Чептерди куруунун башталышы кечигип калды. Орусиянын Чернигов, Сумы жана Харьков багытында ыктымал чабуулдары жөнүндө айтылып жаткан кабарларды эске алуу менен (менимче, бул маалымат Орусиянын каршылаш тарапка таасир этүү аракетинин бир бөлүгү болуп саналат), Киев артыкчылыктуу багытты тандоого аргасыз болот.

Орусия азыр (Покровск жана Константиновка багытында) илгерилеп жаткан аймактардын спутниктен тартылган жалпыга жеткиликтүү сүрөттөрүн талдаганда, көзгө көрүнөрлүк бекем тилкелер жоктугун байкоого болот. Кыязы, украиндер коргонуунун урунттуу жайларын курууга басым жасашкан, бирок алар канаттардан ийкемдүү аракеттенүүгө алсыздык кылат, буга мурдатан эле далилдер бар болчу. Биз Донецк облусунун ичкерки чөлкөмүндө кошумча чептер курулуп жатат деп үмүттөнөбүз.

Украина 2022-жылы сентябрда Орусия туш келгендей кырдаалга кабылышы мүмкүн.

Бирок жакынкы 3-4 айда фронттогу кырдаалдын өзгөрүшүнө эң чоң таасирин тийгизе турган негизги фактор – бул Украинанын аскерлеринин жетишсиздиги. Бул убакыт аралыгында фронтко жаңы чакырылгандар келе баштайт, бирок орустар жиреп өткүдөй жагдай түзүлсө же такоолдор жок болсо, жаӊыдан чакырылгандарды өтө чукул даярдоого туура келиши мүмкүн. Бул учурда Украина 2022-жылы сентябрда Орусия тушуккан кырдаалга кабылышы ыктымал.

Азыр биз башка багыттардагы бөлүктөрдү которуштуруу жана Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 47-механикалаштырылган бригадасын же 3-чабуул бригадасын тартуу менен фронт сызыгындагы бош калган жерлерди тосууга аракет жасалганын байкап турабыз. Бирок украин тараптагы кол тартыштыгынан улам жакынкы айларда мындай иштерди улантуу кыйын. Биз фронттогу кырдаал Украина үчүн 2022-жылдын мартынан берки эң оор абалга жеткен учурга келдик. Орустар аскеринин көптүгү жагынан да, чабуулдардын жыштыгы жагынан да барган сайын үстөмдүк кылууда. Украина эң оор мезгилди баштан кечире элек. Баары эми гана башталууда”.

Жогорку Рада мобилизациялык мыйзамды кабыл алгандан кийин Прагадагы украин паспорт кызматынын филиалындагы кезек. Мыйзам күчүнө кирген чактан тартып Украина чет өлкөдө аскер курагындагы эркектерге паспорт берүүгө жана алмаштырууга убактылуу тыюу салды.
Жогорку Рада мобилизациялык мыйзамды кабыл алгандан кийин Прагадагы украин паспорт кызматынын филиалындагы кезек. Мыйзам күчүнө кирген чактан тартып Украина чет өлкөдө аскер курагындагы эркектерге паспорт берүүгө жана алмаштырууга убактылуу тыюу салды.

Тышкы саясатты изилдөө институтунун (Foreign Policy Research Institute, FPRI) илимий кызматкери Роб Линин пикирин угалы:

“[Конгресстин Украинага жардам топтомун кабыл алуусу] – жакшы жаңылык, бирок биринчи кезекте бул Украинага 2024 жана 2025-жылдары коргонуу мүмкүнчүлүгүн гана берет. Орусия быйыл дагы ийгиликке жетиши ыктымал. АКШнын жардамы Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн бардык көйгөйлөрүн чечпейт. Бул узак мөөнөттүү стратегиянын бир бөлүгү катары каралышы керек.

Орусия 2023-жылы октябрда демилгени колго алгандан бери Украина үч негизги көйгөйгө тушукту: ок-дары тартыш, адам күчү жетишсиз, чептер бекемделбеген. Украина чептерди жана көптөгөн коргонуу тилкелерин чыӊдоо жагынан ийгиликке жетишүүдө. Бирок фронттун көптөгөн урунттуу жерлериндеги коргонуу түзүмдөрү дагы эле начар болгондуктан, Орусиянын алдыга жылышына мүмкүндүк түзүлүп калууда.

Владимир Зеленский Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Донецк облусундагы коргонуу тилкелеринин курулушун текшерип жатат. 19-апрель, 2024-жыл.
Владимир Зеленский Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Донецк облусундагы коргонуу тилкелеринин курулушун текшерип жатат. 19-апрель, 2024-жыл.

Мыйзам долбоору жана анын алкагында ушул аптада жарыяланган биринчи жардам топтому Украинанын коргонуу дараметин арттырат. Бирок аны коштогон чектөөлөр бөлүнгөн каражаттардын өзүнө гана эмес, өндүрүштүк кубаттуулуктарга, ошондой эле союздаштардын кампаларындагы техниканын жана ок-дарылардын көлөмүнө да тиешелүү экенин эстен чыгарбоо керек. Артиллериялык ок-дарылар менен көбүрөөк камсыз кылуу Орусиянын артиллериядагы үстөмдүгүн басаӊдатууга өбөлгө түзүп, эми 5тен 1ге же 6дан 1ге чейинки эле өлчөмдө болот да, Украинанын теӊтайлаштык кылышына мүмкүндүк бербейт.

Аскердик жардамдын биринчи траншына танкка каршы миналар жана Javelin/TOW танкка каршы башкарылуучу ракеталар (ТКБР) сыяктуу башка маанилүү курал-жарактар кирет. Орусиянын акыркы ийгиликтеринен көрүнгөндөй, FPV дрондорунун көбөйүшү артиллерияны, миналарды жана ТКБРлерди алмаштыра албай турганын көрсөттү. Орусиянын 2023-жылы Угледарга жасаган чабуулу да, Украинанын өткөн жайдагы чабуулу да миналар коргонуу күчтөрү үчүн канчалык эффективдүү болорун көрсөттү.

Чопкутталган машиналардын мындан ары жеткирилип турушу да маанилүү. Көптөгөн украин бригадаларында бул жетишсиз, ал эми согушта жок кылынган техниканын орду көбүнчө толукталбай кала берет. Бул курмандыктардын көбөйүшүнө алып келет. Украинанын Куралдуу Күчтөрүндө [жөө аскерлердин согуштук машиналары] “Брэдли” абдан таанымал, чопкуттуу “Хаммерлер” да жакшы, ал эми M113 чопкуттуу транспортерлорунун келиши жарадарларды согуш талаасынан эвакуациялоо үчүн абдан пайдалуу болот.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Авдеевкага жакын жердеги Bradley согуштук унаасы.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Авдеевкага жакын жердеги Bradley согуштук унаасы.

Абадан коргонуу – Украинанын дагы бир өтө маанилүү муктаждыгы. Орусия Украинанын энергетикалык инфраструктурасына каршы ракеталык чабуулун кайрадан баштады. Ал эми Орусиянын Авдеевканы басып алуусунда негизги ролду ойногон УПТМ (универсалдуу пландаштыруу жана түзөтүү модулу – ред.) менен бомбаларды пландаштыруусу олуттуу көйгөй болуп саналат. Жакында эле Орусиянын Су-25 чабуулчу учактары фронтко демейдегиден кыйла жакын кирип барды – бул кыска аралыкка учуучу абадан коргонуу системаларынын жана ташылма зениттик-ракеталык комплекстердин жоктугунан кабар берет. Убакыт өткөн сайын Украинанын абадан коргонуу муктаждыктарын канааттандыруу үчүн ракета өндүрүшү жетиштүүбү деген суроо туулат (айрыкча Орусиянын “Шахед" тибиндеги учкучсуз учактар жана ок-дарылар көбүрөөк өндүрүлө баштаганын эске алганда). F-16 кыргын салгычтары жана алардын авиабазалары орус ракеталары үчүн дагы бир негизги бута болуп калат да, аларды абадан коргоо керек болот.

Анткен менен Украина үчүн эң талылуу көйгөй – колдун жетишсиздиги, бул айрыкча кышында ок-дарылар жана техникалар тартыш болуп калгандан кийин күчөгөн. Бул маселе Украинанын былтыркы жайдагы чабуулу жөө аскерлери түгөнүп калган кезде чегине жете курчуган болчу. Ошондон бери Украинанын куралдуу күчтөрү согуштук жоготуулардын ордун толтурууга аракеттенип келет. Бул украиналык бригадалар жетишсиз жабдылганын, Орусиянын чабуулуна жооп берүү үчүн такоолу жетишсиз экенин, ошондуктан чабуулду токтотууга аракет кылып, бөлүмчөлөрдү фронттун бир бөлүгүнөн экинчисине которуштуруп жатканын билдирет. Украин жөө аскерлерин тез-тез алмаштырып туруу керек, антпесе чүнчүп кетишет. Украина ыктыярчыларды кошумча кызыктырган жана аскерге чакыруу үчүн куралдуу күчтөрдүн эркектеринин санын көбөйтө турган жаңы мобилизациялык мыйзамды кабыл алды. Бул өздүк курамдын абалын жакшыртат деп үмүт кылалы, бирок жоокерлерди жана бөлүмчөлөрдү мобилизациялоо жана даярдоо үчүн убакыт керек.

Украинанын жарадар жоокери аскердик ооруканада. Донецк облусу. 20-январь, 2023-жыл.
Украинанын жарадар жоокери аскердик ооруканада. Донецк облусу. 20-январь, 2023-жыл.

Мындан да кооптуусу, украин армиясындагы кадр маселеси көптөн бери белгилүү болсо да чечилбей жатканы. Өздүк курамын жакшыртууга канчалык көп убакыт керек болсо, Украинанын 2025-жылы чабуул жасоо мүмкүнчүлүгү ошончолук аз болот. Өткөн жайда НАТО тарабынан даярдалган жана жабдылган жаңы бригадалар жакшы көнүгүшө элек, ал эми Орусиянын коргонуусу дагы эле күчтүү.

Учурдагы жоготуулардын ордун толтуруу үчүн жаңы жоокерлер жана бөлүмчөлөр мобилизацияланып, 2025-жылга чейин үйрөтүлүшү керек. Ошол эле учурда өткөн жылдагы согуштун эң маанилүү факторлорунун бири Орусия 300 миңден ашык ыктыярчыны тартуу менен өзүнүн кол күчүн бир топ чыӊдап алганы болду. Бул жөн гана мажбурлап тартылган аскерлер жана туткундар эмес, негизинен аӊ-сезимдүү түрдө чоӊ тобокелдикке даяр турган ыктыярчылар. Орусиянын колу көп экендиги да чоӊ көйгөй. Ансыз Орусиянын артиллерия жана авиациядагы артыкчылыгы менен эле согуш талаасында ийгиликке жете алмак эмес. Өздүк курамдын абалы, айрыкча Орусия ай сайын 20-30 миңдей адамды тарта алса, балким, согуштун жүрүшүн аныктай турган эң маанилүү фактор болуп калат.

Жардам көрсөтүүнүн жана мобилизациянын кечеңдеши Украинага кымбатка турду

Ок-дарылар көбүрөөк алынып, сарпталган күндө да, Украина Часов Ярды сактап кала албашы мүмкүн. Орусия бул шаардан өткөндөн кийин согуш үчүн ыңгайлуу аймакка ээ болуп, чабуулду ылдамдатышы ыктымал. Часов Яр колдон кетсе, Украинанын шаардын түштүгүндөгү турумдары да коркунучка кабылат. Бул Орусиянын башка жерлерде дагы илгерилешине өбөлгө түзөт. Жардамдын жана мобилизациянын кечеңдешинен улам Украина чоӊ зыянга учурады. Эгер 2024-жылы Орусия бир катар артыкчылыктарга ээ болгон шартта Украина фронтту турукташтырып, аскерлерин күчтөндүрүүгө жетишсе, 2025-жылы абалын кыйла жакшыртып алат, анткени Батыштын өндүрүштүк кубаттуулугу артат да, орусиялык техниканын жоготуулары Москва үчүн кыйла олуттуу көйгөйгө айланат. Кол топтоо жагдайы жакшырбаса, анда 2024-жылдын экинчи жарымы Украина үчүн биринчиге караганда кыйыныраак болот”.

Часов Ярдын жанындагы орус күчтөрү (кызыл түс). DeepState долбоорунун 30-апрелдеги картасынын келкиси.
Часов Ярдын жанындагы орус күчтөрү (кызыл түс). DeepState долбоорунун 30-апрелдеги картасынын келкиси.

Угледар – Донецк чөлкөмүндө орустар Курахово негизги логистикалык түйүнүн кесип салууга аракет кылып жатышат. Курахового баруучу жолго аткылап көзөмөлгө алганы Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн логистикасын олуттуу түрдө татаалдаштырышы мүмкүн. Бул шаарды тарттырып жиберүү Угледар аймагындагы украин аскерлерин бүт бойдон кооптуу абалга алып келиши мүмкүн.

Угледар багытында фронт сызыгы.
Угледар багытында фронт сызыгы.

Орустар украин армиясындагы азыркы жагымсыз кырдаалды дымактуу операциялык максаттарга жетүү үчүн пайдаланууга аракет кылууда. Украина мындай абалга кантип келип калды? Бул бир нече факторлордун натыйжасы: мобилизациянын кечеңдеши, Батыштын жардамы кечигип, коргонуу чептеринин жетиштүү даярдалбаганы. Окоптор жакшы коргоону камсыз кылат, бирок дрондор кеңири колдонулганда аларды үстүнөн коргоп турган тийиштүү калканчтар, ошондой эле дрондорго каршы туруу үчүн бетон конструкциялары жана тармактары болушу да өтө зарыл. Толук эмес бригадаларга жетишпеген каражаттарды камсыздап берүү керек.

Орустар 2024-жылы максатына жете алабы? Аскердик теорияга ылайык, коргонуу чегин бузуп өтөөр замат механикалаштырылган бөлүмчөлөр бош калган жерден салыштырмалуу кыйла эркин маневр жасагыдай “операциялык мейкиндикке” кирип бара алышат.

Жалпысынан алганда, техниканын зыянга учурашы жана фронттогу логистикалык көйгөйлөрдөн улам орус армиясы баскынчылыктын алгачкы мезгилиндегидей Украинанын ичкерки аймагындагы жүрүштөргө даяр болушу күмөн. Антпей эле ал украин күчтөрүн курчоого алууга көбүрөөк аракеттениши ыктымал.

Жаңы ок-дарылар, курал-жарактар жана жаңыдан чакырылса да даярдыгы бар күчтөр келсе, фронттогу кырдаал турукташат деп күтүлүүдө. Бирок жагдай жакын арада эле жакшырышы күмөн, анткени жаңы аскерлерди куралдандыруу, үйрөтүү жана даярдоо үчүн белгилүү бир убакыт талап кылынат. Кырдаалга үстүрт караган жарабайт, анткени орус куралдуу күчтөрүнүн кеминде эки корпустай такоолу бар, алар каалаган жерге, анын ичинен Харьков жана Сумы облустарына, же [Украинанын коргонуусундагы] алсыз жактары аныкталса, чабуулдун тийиштүү багыттарын бекемдөө үчүн жайгаштырылышы мүмкүн. Азыр Орусия үчүн эң ыңгайлуу жагдай түзүлгөн. Муну пайдалана билбесе, Кремл жакын арада бүтүндөй Донбассты басып алуу максатына жете албайт. Анда Орусия [согуштагы] түпкү максаттарын кайра карап чыгууга аргасыз болушу мүмкүн”.

Авдеевканы басып алуу учурунда орус аскерлери тарабынан колго түшүрүлгөн украиналык Т-64 танкасы. 17-февраль, 2024-жыл.
Авдеевканы басып алуу учурунда орус аскерлери тарабынан колго түшүрүлгөн украиналык Т-64 танкасы. 17-февраль, 2024-жыл.

Орусияга байланышкан коргонуу жана коопсуздук маселелерин изилдеген RAND корпорациясынын улук илимий кызматкери Дара Массикот:

“Айрыкча Донбасста көйгөйлөрдү чечүү оңой болбойт. Орусиянын аракеттери анын дагы эле Донецк облусунун чек арасына жетүүнү көздөгөнүн көрсөтүп турат. Орусия бул багытта такоол бөлүктөрдү кошуп, аскердик авиация катуу иштеп жатат, ал эми Украинанын тылында 40-100 километр аралыкта жүргүзүүгө өбөлгө түзүүчү жакшыртылган чалгындоо каражаттары Украинанын баалуу активдерине сокку уруу мүмкүнчүлүгүн берүүдө.

Өткөн аптада Орусиянын күчтөрү Очеретинге жакын жерди жиреп кирди, азыр ал тилкенин туурасы болжол менен 5х5 км. Орус доктринасында даярдалган коргонуу аркылуу ыкчам бузуп өтүү 15-30 км ичкери карай ок атуучу жана тиешелүү күчтөрдү даярдап алгандан кийин мүмкүн болот деп айтылат. Акыркы он күн ичинде орус аскерлери өтө орчундуу үч бөлүмчөнү: 74, 35 жана 30-мотоаткычтар жана механикалаштырылган бригадаларды алдыга жылдырып коюшу. Бул күчтөр Авдеевка салгылашынын жыйынтыктоочу этабында колдонулуп, соӊку бир ай ичинде калыбына келтирилген.

Бул тажрыйбалуу бригадаларды ар кандай “ДЭР” бөлүмчөлөрү жана камдагы жоокерлер колдоп турушат. Алардын Очеретиндеги кырга топтолушу Орусия үчүн бул багыттын мааниси чоӊ экенин көрсөтүп турат. Ошол эле маалда украин күчтөрү бул топтошкон күчтөргө кол салууга жетишсе, анда согушка эң мыкты даярдалган орус бригадаларынын айрымдарын алсыратууга мүмкүнчүлүк алышат. Орус аскерлери Покровскиге да жакындап баратышат. Эгер алар бул максатына жетип, жолдорду көзөмөлгө алышса (же аларга аткылоочу көзөмөл орнотсо), Донбасстагы украин күчтөрүнүн абалы өтө оорлошуп, Краматорск – Славянск аймагындагы бир нече чептер гана калат. Украинанын Куралдуу күчтөрү курал-жарак жагынан жакын арада тыӊый баштайт, ошентип, айрыкча Орусия Донбасста канчалык кеӊири, катуу чабуул жасап жатканын эске алганда, өздүк курамдын жетишсиздиги алдыңкы бөлүктөр үчүн чечилбеген көйгөй бойдон калууда.

Ушул жайда Орусиянын ири чабуулу кандай ишке ашуусу мүмкүн? Орусиянын аракеттери анын Донецк облусун ээлешке умтуларынан кабар берет. Орустарды Харьковдун жанындагы кеӊдиги канча болору белгисиз “санитардык зона” жөнүндөгү кеп-сөздөрү шаарга жасалган кол салуулар сыяктуу эле тынчсыздандырат, ошондой эле. Бирок Орусиянын [шаарды басып алуу үчүн] ресурстары бар же жок экенин айтуу кыйын..

Орус мобилизациясы, балким, өзүнчө сөз кылууга татыктуу, анткени анын зарылдыгы көптөгөн көрсөткүчтөргө көз каранды. Бирок мен азыр Москва 2022-жылдын жайындагыдай өз позициясын сактап калуу үчүн жаӊы күчтөрдү чакырып толуктоого түздөн-түз же өтө муктаж эмес деп айтмакмын”.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG