Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:02

«Сорос-Кыргызстан» фонду аз улуттарды колдоо программасына катышууга чакырууда


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Сорос фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн колдоосу менен өлкөдөгү аз улуттардын маселеси боюнча тегерек стол жыйыны өткөрүлдү. Ага өлкөдөгү 15 улуттук-маданий борборлордун, эл аралык, бейөкмөт уюмдардын жана бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты. Жыйында буга чейин эл аралык уюмдардын жана кыргыз бийлигинин аз улуттарды колдоо жана улут аралык карама-каршылыктарды болтурбоо максатында жасаган иш-аракеттери туурасында айтылып, келечекте жасала турган иштер талкууланды. «Сорос-Кыргызстан» фондунун өкүлчүлүгү 1997-жылдан бери Кыргызстанда аз улуттарды колдоо программасын ишке ашырып келет. Буга чейин бул багытта 384 миң долларлык иштер аткарылган. Быйыл болсо фонддун өкүлчүлүгү бул программага 83 миң доллар бөлдү. Ушуга байланыштуу фонддун өкүлчүлүгү аз улуттарды колдоого багытталган өзүнүн жаңы программасына чакырып конкурс жарыялады. Ага Кыргызстандагы жергиликтүү жана майда улуттардын өкүлдөрү катыша алышат.

XS
SM
MD
LG