Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:22

ИРАКТА ТАРТИП АКЫРЫНДАП КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛҮҮДӨ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары http://gdb.rferl.org/D6E30C92-94DE-4BAA-BA27-2A3F0C616C67_w203.jpg Багдадда жана башка ири шаарларда тартипти орнотуу иш чаралары уланууда. Баш калаада АКШнын деңиз аскерлеринин ордуна АКШ армиясынын бөлүктөрү жайгаштырылып, шаардын суу жана электр кубаты менен камсыз кылуу системаларын оңдоо ыкчамдатылды. Ирактын экинчи чоң шаары Басрада электр кубаты менен жабдуу системасы оңдолуп, мектептер ачылды.

Багдадда жайгашкан америкалык аскерлерлер банктар, ири мейманканалар жана саламаттык сактоо мекемелерин күзөтүүнү күчөтүштү. Өлкөнүн диний топторунун жетекчилеринин калкка жасаган кайрылуусунан кийин талоончулар ооруканалардан уурдап алышкан дары-дармектер менен жабдуулардын айрымдарын алган жерине кайра кайтып беришкендиги маалым болду. Медиктер дары-дармек таңсык болуп турган кезде кайра колго тийген каражаттар өтө пайдалуу болгондугун айтып жатышат.

Кошуна Иорданиянын бийликтери болсо Ирактын Улуттук Музейинен уурдалып чыккан 42 сүрөт колго түшкөнүн билдиришти. Арийне, алар таланып кеткен баа жеткис экспонаттардын чакан эле бөлүгүн түзөт. Ошентсе да, бул табылга олжолонуп кеткен башка буйумдар да эртедир-кечтир Ирак элине кайтарылып бериле турганынан үмүттөндүрөт.

5 миллион калкы бар Багдаддын ири бөлүгү дагы эле суусуз жана электр кубатысыз кала берүүдө. Бирок шаарда автобустардын каттамдары калыбына келип, жандуу автоунаа кыймылы өкүм сүрө баштады. Ишемби күнү жол полициясынын айрым кызматкерлери ишке чыгышканы кабарланды.

Иш демекчи, жумуш иштеп, акча табуу - учурда ирактыктардын жүрөк өйүткөн башкы көйгөйү болуп турат. Күндөлүк жашоонун тезирээк калыбына келишин самаган жүздөгөн шаардыктар ишемби күнү расмий мекемелерде чогулуп, бийликтерден иш берүүсүн күтүштү.

Чет элдик журналисттер жайгашкан Палестина мейманканасынын алдында жок дегенде убактылуу иш табууга үмүттөнгөн жүздөгөн шаардыктар күнү бою котолоп турушту. Анткени ишембиде шаарга БУУнун гуманитардык жүк жүктөлгөн алгачкы автоколоннасы келген эле. Багдаддыктардын бир тобу жүк түшүргөнгө жалданып, анча-мынча болсо да тыйын таап алууга үмүттөнүп жатышат. Ал эми азырынча бийлик вакууму өкүм сүргөн Иракта Саддам режиминин учурундагы акча бирдиги - ирак динарлары жүгүртүлүүдө. Согуш акчанын олуттуу нарксызданышына гана алып келгени болбосо, динар азыр деле кымбат баалуу жашоо булагы.

Ишемби күнү АКШнын Ирактагы аскерлери Ирактын мурдагы каржы министри Хикмат Мизбан Ибрагим ал-Аззавини камакка алышты. АКШ аскер бийликтери Саддам өкмөтүнүн издөө салынып жаткан 55 мүчөсүнүн бири Хикмат кулаган режим тарабынан катылып коюлган акча каражаттарынын дарегин көрсөтүп берет деп үмүттөнөт.

Ошентип, Иракта тартип аз-аздап болсо да калыбына келтириле баштады. Бирок өлкөдө дагы эле бийлик вакууму өкүм сүрүүдө жана мындай абалдан ар түрдүү жикчилер менен диний лидерлер пайдаланып кетүүгө аракеттенип жатышат. 18-апрелде шийиттердин лидери Кербалага зыяратка келип жаткан мусулмандардын алдында сөз сүйлөп, америкалык аскерлердин өлкөдөн чыгып кетүүсүн талап кылды. Ирак эли өз тагдырын өзү чечүүгө тийиш, деп билдирди шийит мусулмандардын лидери Саид Аббас.

Ушундай эле ураандар ирактыктардын жер- жерлерде өтүп жаткан демонстрациялар менен митингтеринде көтөрүлүп жатат. Жакынкы Чыгыштын 8 өлкөсүнүн 19-апрелде Сауд Арабияда өткөн конференциясы америкалык жана британдык аскерлерди Ирактан мүмкүн болушунча тезирээк чыгып кетүүгө үндөдү. Ирак эли өз өлкөсүн өзү башкарууга тийиш, деп айтылат аймактагы өлкөлөрдүн биргелешкен билдирүүсүндө. Министрлер, ошондой эле, АКШнын Сирияны опузалап жатышын сынга алышты. АКШ расмий Дамаскты Хусейн режиминин мүчөлөрүнө тымызын баш баанек берди жана химиялык кыргын куралдары бар деп айыптоодо. Сирия бул доону четке кагууда.

Азырынча Саддам Хусейндин режиминин беш мүчөсү гана колго түштү. Хусейндин өзү да, анын уулдары да кайда экени эч белгисиз.

Багдаддын карапайым тургундарынын бири чет элдик журналистке Саддам Хусейнге карата нааразылыгын мындайча билдирди: "Саддам аман–эсен бойдон. Ал азыр киши тапкыс жерге жашынып калды. Анын акчасы да мол. Ал үчүн эл гана куурап, жабыр тартып жатат".

XS
SM
MD
LG