Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:21

Киевде бейөкмөт уюмдардын жыйыны аяктады


БИШКЕК. 30-апрелде Киев шаарында башталып, демократиялык реформаларды жүргүзүү жана жарандык коомду куруу боюнча тажрыйба алмашуу маселелерине арналган эл аралык жыйын бүгүн өз ишин аяктады. Ага Азербайжан, Армения, Польша, Чехия, Орусия, Беларусь, Сербия жана Украина мамлекеттердеги бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Жыйынга демократиялык коомду курууда, жарандык коомду калыптандырууда өз көмөгүн көрсөтө алган бейөкмөт уюмдар чакырылган. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен ага Кыргызстандын «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын башчысы Эдиль Байсалов гана катышты. Ал Кыргызстандагы демократиялык жараяндар, Коалициянын жарандык коомду курууда ээлеген орду жөнүндө сөз сүйлөдү. Эдил Байсаловдун айтымында, жарандык коомду куруудагы Кыргызстандын тажрыйбасы жыйындын катышуучуларынын кызыгуусун жаратты. Ал эми Беларустун жана башка өлкөлөрдүн бир катар бейөкмөт уюмдары келечекте Кыргызстандын бул багыттагы айрым тажрыйбаларын үйрөнүп, кыргыз бейөкмөт уюмдары менен тыгыз кызматташаарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG