Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:04

Кыргызстандан ЕАЭБден сыртка кагаз жана картон экспорттоого салынган тыюу узартылды


Кыргызстандан Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) аймагынан тышкары кагаз жана картон ташып чыгууга тыюунун мөөнөтү дагы алты айга узартылды. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгону тууралуу маалымат өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Маалыматтарга ылайык, аталган эки товарды экспорттоого чектөө 2021-жылы жана 2022-жылдын да колдонулган. Кийин дагы узартылып келген. Тыюу салуунун жана аны узартуунун себеби айтылган эмес.

2023-жылдын сентябрында мындан тышкары Кыргызстандан жыгач жана жыгач материалдарын ЕАЭБдин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу тууралуу чечимге да кол коюлган. Өкмөттүн сайтында ал узартылганы тууралуу маалымат жок.

Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 2019-жылдан бери кагаз продукцияларын өндүрүү көбөйгөн, аны менен катар макулатуранын импорту өскөн.

Өлкө аймагында кагаз продукцияларын өндүргөн "Картон", "Алихан Компани", "Алтын-Ажыдаар", "Paper Company", "Ак-Кайың", "Эфес ЛТД", "ИФА", "Кош Тамчы" жана башка ишканалар бар. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG