Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:33

"Жылкычы чымчык" тасмасы Париждеги фестивалда сыйланды


Кыргызстандык кинорежиссер Бегалы Наргозуевдин "Жылкычы чымчык" тасмасы Париж эл аралык аялдар кинофестивалында “Мыкты толук метраждуу тасма” сыйлыгын алды. Бул тууралуу кинофестивалдын сайтына жазылганын режиссер "Азаттыкка" кабарлады.

Майдын башында аталган фильм АКШдагы Гавайи эл аралык кинофестивалында "Мыкты режиссердук дебют" номинациясын жеңип алган.

"Жылкычы чымчык" - тоолуктардын тазалыгы, карапайым кишилердин улуулугу тууралуу тартылып, ошону менен катар кайдыгерлик, адам пейилинин, экологиянын бузулушу, бала сатуу сыяктуу курч көйгөйлөрдү чагылдырган.

Сценарийин Наргозуев жазып, ага Кыргыз эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиев, белгилүү кинорежиссерлор Марат Сарулу, Актан Арым Кубат жана Жамбы Жусубалиева дагы көмөктөшкөн.

Тасманын бет ачары Бишкекте былтыр 15-декабрда өткөн. Буга чейин "Жылкычы чымчык" Ницца, Мадрид жана Амстердам шаарларында өтүүчү эл аралык фестивалдарга катышууга чакыруу алган.

Тасма "Ак илбирс - 2023" улуттук кино сыйлыгынын кыска тизмесине илинди. Сыйлык тапшыруу 17-майда Бишкектеги "Манас" кинотеатрында болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG