Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

АКШлык башкаруучу Иракта адегенде коопсуздукту бекемдөө зарыл деп эсептейт


Ирактын жаңы америкалык башкаруучусу Пол Бремер өлкөдөгү коопсуздукту бекемдөө чараларынын алкагында былтыр Саддам Хусейн түрмөдөн бошоткон коркунучтуу кылмышкерлер кайра камакка алынаарын маалымдады. "Биз Саддам былтыр октябрь айында эркиндикке чыгарган 100 миңдей адамдын тагдырын кайра кароого тийишпиз. Камактан бошотулгандардын көбү – саясий туткундар болгону менен, алардын арасында кадимки кылмышкерлер, коркунучтуу инсандарга да азаттык берилген. Эми аларды кайра түрмөлөргө кайтаруу зарыл. Акыркы 48 саат ичинде биз андай кылмышкерлердин 300үн камакка алдык", - деди Бремер. Ал ошондой эле Иракта Саддамдын "Баас" партиясынын белгилери түп-тамырынан жок кылынаарын белгилей кетти. Британиялык аскерлер бейшембиде Ирактагы Умм-Каср шаарындагы бийликти формалдуу түрдө жергиликтүү лидерлерге өткөрүп беришти.

XS
SM
MD
LG