Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:45

БЕРЛИНДЕ ДЕПОРТАЦИЯЛАНГАН УЛУТТАРДЫН МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ


Өткөн аптанын соңунда Берлин шаарында СССР доорунда депортацияланган улуттардын маселелерине арналган конференция болуп өттү. Анын катышуучулары Крым татарлары, чечендер, месхетин түрктөрү өңдүү элдердин проблемалары азыркы күнгө чейин чечилбей келатканын белгилешти.

Германиянын Эл аралык жана коопсуздук иштери боюнча институту менен Берлиндин эркин университетинин демөөрчүлүгү астында уюштурулган конференцияны ачып жатып, институттун директору доктор Уве Халбах Советтер Союзу учурунда депортацияланган калктардын бүгүнкү абалына токтолуп, алардын көпчүлүгү дале болсо да тарыхый мекендерине көчүп бара албай жаткандыгын белгиледи.
Чечен конфликти жөнүндө сөз кылып жатып, Халбах улуттук кыймылдар өз укуктарын тынч, конституциялык жол менен коргоосу зарыл деген пикирин билдирди. “Россия, - дейт доктор. -Чечен согушу анын ички проблемасы деп келатат, экинчи жагынан чечендер тыштан ислам экстремисттери тарабынан каржыланып, колдоого алынат деген Москванын жарыялалары да жок эмес”.

- Мисалы орус жана батыш прессасы, өзгөчө 11-сентябрдан кийин, Түндүк Кавказ менен Борбор Азиядагы ислам ооган талибтеринин идеяларын өздөштүрүүдө деп мүнөздөлүп жүрөт. Жана анын “Өзбекстандын ислам кыймылы” же “Хизбут-Тахрир”өңдүү уюмдар менен байланыштары бар деп айтылат.

Украин парламентинин мүчөсү, крым татарларынын Межлис төрагасы Мустафа Жемилев тарыхый фактыларга таянып, өз элинин көйгөйлөрү жөнүндө конференциянын катышуучуларына кеңири айтып берди. 1944-жылы май айында Крым татарларына немистер менен кызматташты деген кине тагылып, алар Борбор Азияга депортацияланган. Депортация жана жаңы жайлардагы абал өтө начар болгондуктан, эки жылдын ичинде Крым татарларынын саны 46 процентке азайган.

Никита Хрущев 1956-жылы КПССтин 20-съездинде сүйлөгөн сөзүндө, калмык, карачай, ингуш, балкар жана чечендердин депортациясы катачылык болгонун мойнуна алган. Бирок крым татарлары, месхетин түрктөрү жана волгалык немистерди атаган эмес. 1957-жылы этникалык топторго мекендерине кайтып кетүүгө уруксат берилип, кийинчирээк бул жараян токтотулган. 1967-жылы Крым татарлары СССРдин каалаган жеринде жашоого укуктуу деген атайын декрет бекитилген. Алардын 12 миңдейи Крымда жайгашууга аркет жасашкан, бирок 100дө үйү гана журтунда калтырылып, калгандары артка Борбор Азияга жиберилген.

1987-жылы Михаил Горбачевтун кайра куруу доорунда татарлар Ташкенде жыйын өткөрүп, репатриация иштерин тездетүү үчүн бир топ чараларды белгилешкен. Бийлик тараптан эч кандай реакция болбой турганына көзү жетип, айрымдары атүгүл Москвадагы Кызыл Аянтта ачкачылык акциясын өткөрүшкөн. Ошентип татарлар Крымга өз алдынча кайта башташкан. Жемилевтун ырастоосунда, алгач жергиликтүү бийилик аларды кастык менен тосуп алган. "Татарлар каттоодон өтүп, атайын уруксат алыш үчүн нечендеген демонстрация-пикет, нааразылык акция өткөрүүгө мажбур болушкан”, - дейт ал.

Анын пикиринде, Крым татарлары улуттук азчылык эмес, түпкүлүктүү калк катары эсептелиши шарт. Ал эми тили болсо мамлекеттик статуска ээ болушу керек.

Берлиндин Эркин университетинин түркология институтунун өкүлү доктор Барбара Келнер-Хайнкеле Кавказдагы ногой жана түрк элдеринин проблемаларына токтолду. Алар депортацияга дуушар болбогону менен улуттук тилдери орус тили тарабынан сүрүлүп чыгып, жок болуу коркунучуна тушуккан. Аймакта ушул тапта 700 миңге жакын ногой бар. Конференцияга катышкан Рамазан Керейтов ногойлор улуттук мурасын сактап калыш үчүн Россия Федерациясынын курамында өзүнүн республикасын курушу зарыл деген оюн билдирди.

Кара деңиз гректеринин атынан сөз сүйлөгөн доктор Георгий Меланфиди СССР кулап, Өзбекстан менен Казакстан эгемен мамлекет болуп калгандан бери гректердин проблемалары көңүлдөн сырткары калды дейт. 90-жылдардын башында Греция өкмөтү Борбор Азиядагы гректерди кабыл алуу үчүн жылына 20 миң кишилик квота киргизген. Меланфидинин айтымында, орустар, албетте, кавказ улутундагыларга караганда гректерге жакшыраак мамиле жасашат жана аларды көп кысымга алышпайт.

Ал эми месхетин түрктөрүнүн өкүлү Чыңгыз Нейман-заде 1944-жылы депортацияланган месхеттер совет бийлиги түзгөн тоскоолдуктарга карабай өз тилин, этникалык өзгөчөлүктөрүн жана маданиятын сактап калышкан деп белгиледи.

Конференциянын катышуучулары Ирак менен алекетнип жаткан Батышка кайрылып, Чеченстанда уланып жаткан согушка жана азыркы күнгө чейин реабилитациялана элек улуттук азчылыктардын проблемаларына көңүл бурууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG