Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:53

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БЕЙӨКМӨТ УЮМДАРГА ИЧКИ ЧЫР-ЧАТАКТАР КӨЛӨКӨ ТҮШҮРҮҮДӨ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстанда Юстиция министрлигинен 5 миңден ашуун бейөкмөт уюм каттоодон өткөн. Бир кыйласы адам укугунун сакталышы, гендердик теңчилик, балдарды коргоо, калкты укуктук жактан агартуу сыңары максаттарды көздөйт. Бүгүнкү күндө эл аралык донорлордун колдоосу менен жарандык коом курууга багытталган долбоорлордун үстүндө иштеп аткандарынын саны 300гө чыгат. Акыркы кездери бейөкмөт уюмдардын финансылык жактан тазалыгы, саясий чөйрөдөгү кызматы, коомго берээр пайдасы тууралуу сөз күчөдү. Айрым бейөкмөт уюмдардын ички чыр-чатактары демократия курууга жана жарандык коом орнотууга салым кошууну каалагандарга көлөкө түшүргөнсүдү.

Адам укугу боюнча кыргыз комитетиндеги ичип-жемей боюнча териштирүүлөр, Р.Дырылдаевдин дарегине айтылган сын пикирлер бейөкмөт уюмдардын беделине доо кетиргенин айтууга негиз берди көрүнөт. «Вечерний Бишкек» гезити Рамазан Дырылдаев жумушка жалаң өзүнүн тууган-туушкандарын алганы тууралуу макаланы 23-майда жарыялаган. Бул басылманын жазганына караганда, Дырылдаев мырза өз айланасына кызы, уулу жана эжеси өңдүү жакындарын топтогон жана финансылык тартип бузууларга жол берген.

Адам укугу боюнча кыргыз комитетинин дубандардагы координаторлору бул адамга «чет элдик донорлордон алган гранттарды өз үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгына чачкан» деген айып тагышууда. Комитеттин доо артып аткан кызматкерлери Адам укугу боюнча Хельсинки тобунун башчысы Аарон Роудска кайрылуу жөнөтүп, эл аралык аудитордун келишин күтүп атышат. Бул окуяга али да чекит коюла элек. Аңгыча Кыргызстандын тартип коргоо органдары да бул окуяга карата өз пикирлерин басма сөз аркылуу билдиришти. Бишкек финансы полициясынын башчысы Надырбек Турганбаевдин сөзүнө караганда, бейөкмөт уюмдагы финансылык тартип бузуу фактыларын изилдеш үчүн грант берген донор-уюм арыз жазышы керек. Бул кишинин айтымында, буга дейре эл аралык кредиттерди жана гранттарды жеп-ичмей боюнча бир топ кайрылуулар болгон. Адатта мындайда грант берген тарап расмий түрдө доомат артып кайрылбагандан кийин, финансы полициясындагылардын колу байлануу.

«Демократия жана жарандык коом курууга багыт алган бейөкмөт уюмдардын көбү чет мамлекеттерден грант өндүрүүнү, диний максатты жана керт башынын мүдөөсүн көздөйт» деген пикирлер да орун алууда. Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаев Өкмөт Үйүндө өзү өткөргөн жыйында: «Азыр бейөкмөт уюм деген көбөйдү. Баары эле грант алып атышат. Азыр акча Батыштан мамлекеттик эмес сектор аркылуу келип калбадыбы», - деп айткан. Аңгыча ал жыйында отурган башкы прокурордун орун басары Рустам Исаев, тартип коргоо органдары демократияны жана адам укугун жамынган кээ бир уюмдардын ишине кызыгып көрүшсө, айрымдары диний жана башка зыяндуу максаттарды көздөп атышканы маалым болгонун билдирген эле. Исаев мырзанын өкмөт жыйынында айтканына караганда, Ош дубанында балдардын укугу боюнча иштеген бир бейөкмөт уюм чын-чынына келгенде диний максат көздөгөнү дайын болуп отурат.

Ошол эле учурда «акыркы жылдары бейөкмөт уюмдар саясат менен кызуу алектенип кетишти» деген да көз караш бар. Президенттин администрациясында коргонуу жана коопсуздук бөлүмүн жетектеген Болот Жанузаков мырза дал ушундай пикирин айтты. «Арасында финансылык чатактарга кириптер болгондору жана саясатка аралашкандары бар. «Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем» дегендерин мыйзам чегинде жазалаш керек», - деп билдирди «Азаттыкка» Жанузаков мырза.

Бишкекте май аягынын этегинде Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын дүйнөлүк ассамблеясынын форумунда ушул жөнүндө талкуу болуп, «Кыргызстандагы айрым бейөкмөт уюмдардын башчылары саясий лидерге айланып кетишти» деген ойлор айтылган. Дүйнөлүк ассамблеянын кеңешинин өкүлү Лилиана Проскурякова Бишкектеги жолугушууда: «Албетте, адам укугу, сөз эркиндиги жана коррупция коомчулук тарабынан кеңири талкууга алынчу тармактар. Бирок, бейөкмөт уюмдар бул жагдайда агартуу ишин гана жүргүзүшү керек. Себеби, алар саясатка аралашпастан, жарандык коом курууга гана багыт алганы оң», - деп сүйлөгөн. Адатта «саясатка аралашты» деген доомат шайлоо учурунда Төлөкан Исмаилова башкарган «Жарандык коом жана демократия үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясына коюлуп жүрдү.

«Азыркы бейөкмөт уюмдардын тегерегиндеги чыр-чатакты Аксы окуясы, Куловдун тагдыры менен катар, кыргыз бийлигине көз каранды эмес Эл аралык сот чечкени оң», - дейт Исмаилова айым. Ал «бейөкмөт уюмдарга кычыраган кеңсенин да, чет элдик машинанын да кереги жок» деген ойдо.

- Дүйнөлүк тажрыйбада бейөкмөт уюмдарга чоң кеңсенин да, кычыраган машинанын да кереги жок. Грант алуу негизги максат эмес. Грант албай эле, инсандык демилгең менен иштей берсең болот. Бир компьютериң болсо, сага дүйнөгө эшик ачык. Мисалы, мен Индияга барганда көрдүм. Ал жактагы бейөкмөт уюмдар жазганга жада калса калемсабы жок болгондуктан, жерге, топуракка жазып, же таштарды тизип талкуулашат. Элетке кычыраган машина менен барсаң элди иренжитесиң. Бул бейөкмөт уюмдардын табиятына туура келбеген нерсе, - дейт Төлөкан Исмаилова.

Анын пикиринде, өкмөттөн айырмаланып, бейөкмөт уюмдардын казынасы жабык болбостон, эл аралык донорлордон алган каражат каякка жумшалганы туурасында маалымат коом алдында ачык болушу керек. Бейөкмөт уюмдардын дүйнөлүк ассамблеясынын өкүлү Лилияна Проскурякова АКШда жана башка Батыш мамлекеттеринде «Грантты иштеткен бейөкмөт уюм финансылык отчетту таза толтурганын кантип аныкташ керек?» деген талаш абройлуу эл аралык донорлордун ортосунда чоң талкууга айланып атканын билдирди.

Укук коргоочу Турсунбек Акун белгилегендей, кантсе да бейөкмөт уюмдардын ичиндеги финансылык чатактар Кыргызстандагы жарандык коомду түзгөн уюмдардын кадыр-баркына доо кетирет. Бирок мамлекеттик органдар деле, аткаруу кызматындагы чиновниктер да бейөкмөт уюмдар сөзсүз Кыргызстандын мамлекет катары калыптанышында, демократиялык процесстердин орношунда роль ойногонун танышпайт. Биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмоновдун пикиринде, азыр жарандык коом менен өкмөт тил табышып, айтегерек отуруп кеңешип оокат кылып калышты.

- Азыр жарандык коом менен өкмөт контруктивдүү иштеп атышат деп айта алам. Айрым гана радикалдык маанайдагы уюмдар менен анчалык кызматташа албай турабыз. Жалпысынан бейөкмөт уюмдар Кыргызстандагы демократиянын өнүгүшүнө салымы зор экени талашсыз, - дейт биринчи вице-премьер-министр.
XS
SM
MD
LG