Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:16

ПРЕЗИДЕНТ БУШ ПАЛЕСТИНА-ИЗРАИЛ ЖОЛУГУШУУСУН ӨТКӨРҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага АКШ президенти Жорж Буш 4-июнда Йорданиянын Акаба шаарында Израил менен Палестина жетекчилери менен жолугуп, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча жаңы планды талкуулады. Анын айтымында, бул план ишке ашса, көптөгөн жылга уланган араб-жөөт чатагы аяктоого тийиш.

Мындан бир жарым жыл мурда бийликке келгенде, президент Жорж Буш Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотууга убада берген. Андан бери Америка Кошмо Штаттары, Бириккен Улуттар, Европа Биримдиги жана Орусиянын өкүлдөрү чындап эле "Жол картасы" деп аталган жаңы тынчтык планын түзүп, аны 1-май күнү эки тарапка тапшырган.

Израил менен Палестинанын жетекчилиги ал планды жалпысынан жактырды, бирок келише элек жерлер дагы эле бар. План боюнча, 2005-жылы эгемендүү Палестина мамлекети түзүлүүгө тийиш, бирок жөөт жетекчилиги бул мөөнөттү дагы бир жылга кийинкиге калтырууну сунуш кылууда. Андан тышкары, Йордан дарыясынын батыш жээги менен Газа тилкесиндеги жөөт айылдары тууралуу маселе да чечилип бүтө элек. План боюнча, бул аймактарда акыркы жылдарда пайда болгон жөөт айылдарын Израил көчүрүп кетүүгө тийиш.

Палестина тарап болсо бардык жөөт айылдарын Израилге кайра көчүрүп, араб жерлерин толук бошотууну талап кылууда, анткени 1967-жылы Израил басып алган аймактарда жөөттөр андан бери жүздөн ашык айыл тургузган. Ал айылдардын тургундарынын да эч жакка көчүп кетүүгө ниети жок, анткени Израил өкмөтүнүн колдоосу менен курулган айылдарды алар мыйзамсыз деп эсептебейт. Осло келишими боюнча, эгемендүү Палестина мамлекети 2001-жылы пайда болууга тийиш болчу, бирок анын шарттары толук аткарылбагандактан, жараян кечеңдетилген, ал кезде Израилдин тышкы иштер министри болуп иштеген азыркы премьер-министр Ариел Шарон болсо басылып алынган араб жерлеринде жаңы жөөт айылдарын курууну катуу колдоп келген.

Андан тышкары, Израилдин айтымында, жөөт айылдары - аймакта толук коопсуздук орногондон кийин гана көчүрүлө башташ керек, Палестина ага каршы жана "Жол картасында" дагы - бардык иштер бир убакта жүргүүзүлүүгө тийиш деп жазылган. Эң негизги маселе болсо - аймакта дагы эле орун алып жаткан террорчулукту токтотуу. Палестина автономиясынын жаңы премьер-министри болуп дайындалган Махмуд Аббас азыр "Хамас", "Ислам жихады" жана башка ушу сыяктуу уюмдар менен сүйлөшүү жүргүзүп, террор аракеттерин токтотууга аракеттенүүгө, бирок андан кандай жыйынтык чыгаары али белгисиз. Дал ушул маселеден улам биринчи план да ишке ашпай калган жана Палестинанын жетекчиси Яссир Арафат да дал ушул меселе менен байланыштуу азыр тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн четтетилди.

Йорданиянын Акаба шаарындагы бийик жолугушууга АКШ президенти Жорж Буш, Йорданиянын падышасы Абдалла жана Израил менен Палестинанын өкмөт башчылары катышат. Саммиттин эң негизги максаты - жаңы түзүлгөн тынчтык планын аткарууга жөөт жана араб тараптан салтанаттуу убада алуу. Эгемендүү мамлекетке ээ болуу арабдардын 50 жылдан бери көксөп келген тилеги жана ага Израил тараптын да макул болгону - зор жетишкендик.

Ариел Шарондун басма сөз катчысы Раанан Гиссиндин айтымында, мындай милдеттенме - АКШ президенти Жорж Буштун талабы менен алынууда: "Менин оюмча, палестиналыктар дагы, израилдиктер дагы - америкалык президент Буш сунуштаган эки мамлекеттүү чечимге макул жана аймакта эки өлкө түзүүгө милдеттенме алат".

Анткен менен, биринчи план дагы АКШнын катуу колдоосу менен түзүлгөн, бирок ишке ашпай калган.

XS
SM
MD
LG