Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:54

Болгарияда кумар оюндарынын жарнамасын чектеген мыйзам кабыл алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Болгарияда кумар оюндарын жарнамалоону чектеген мыйзам кабыл алынды. Өлкө парламенти бардык жалпыга маалымдоо каражаттарында (TV, радио, гезит жана сайт) кумар оюндарынын жарнамасын жарыялоого тыюу салган мыйзамды бир добуштан колдоду.

Бул маселе 30-апрелде парламенттин кезектеги чакырылышы ишин жыйынтыктап жаткан отурумуда экинчи окууда добушка коюлду. Натыйжада 198 депутаттын баары аны колдоп добуш беришти.

Расмий реестрге жарыялангандан кийин мыйзам күчүнө кирет, кумар оюндары боюнча жарыя маалыматты жарнама такталарында, социалдык түйүндөрдө жана чоңдор үчүн спорттук имараттарда гана жайгаштырса болот. Мындай жарнама такталары мектеп жайгашкан аймактан кеминде 300 метр алыс орнотулушу керек. Жарнаманын кеминде 10 процентинде кумар оюндары адамды өзүнө байлап, көз карандылыкты пайда кылары тууралуу атайын эскертүү камтылышы зарыл.

Жалпыга маалымдоо каражаттары мындай чектөө алардын кирешесинин азайышына, көптөгөн адамдардын жумушсуз калышына алып келерин айтып, нааразылыгын билдирип жатышат.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун болгар кызматынын маалыматына караганда, 6,5 миллион калкы бар Болгарияда кумар оюндарынан көз карандылыкта калгандардын саны жыл санап өсүүдө жана бүгүнкү күндө 36 миң кишини түзүүдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG