Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:02

Либериядагы жарандык согуш эл аралык коомчулуктун кийлигишүүсүз басылбайт


“Либериядагы төңкөрүштү жөнгө салуу үчүн ал жакка эл аралык бейпил күчтөрдү жиберүү зарыл”, - деп билдирди Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вильпен. Анын пикири боюнча, Либериядагы жарандык согушту эл аралык коомчулуктун кийлигишүүсү менен гана токтотуу мүмкүн. Кечээтен баштап бул өлкөнүн борбору Монрови шаарындагы төңкөрүшчүлөр менен өлкө президенти Чарльз Тейлорду жактаган аскерлер ортосундагы элдешүү макулдашуусу күчүнө кирди. Бирок, Тейлордун жактоочуларынын да, төңкөрүшчүлөрдүн да макулдашууну аткарууга моюндары жар бербей жатат. Төңкөрүшчүлөр президент Чарльз Тейлордун кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. Либерия Африканын батышынан орун алган өлкө.

XS
SM
MD
LG