Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:58

Кыргыз-казак чек арасы тууралуу келишим Казакстанда күчүнө кирди


БИШКЕК. Казак президенти Нурсултан Назарбаев «Казакстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын кесилишкен чек ара чекиттери тууралуу макулдашууну ратификациялоо» тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн «Интерфакс» агенттиги жазып чыкты. Бул келишимге 2001-жылдын 15-июнунда Шанхайда кол коюлган. Казакстандын президенти кыргыз-казак чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга да кол койгон. Ал келишимге 2001-жылдын 15-декабрында Астанада кол коюлган. Бул макулдашуу кыргыз парламентине ратификациялоого бериле элек. Парламенттин айрым мүчөлөрүнүн айтымында, эки өлкөнүн чек ара аймактарынын ичинен Талас жана Чүй өрөөндөрүндө үч талаш жер бар. Казакстан менен Кыргызстандын ортосун бөлгөн чек аранын узундугу - 1240 чакырым.

XS
SM
MD
LG