Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:09

ИРАН "АЛ-КАИДАНЫН" ЖОГОРКУ ӨКҮЛДӨРҮ КАМАЛГАНЫН МОЮНГА АЛДЫ,БИРОК АЛАРДЫН ТАГДЫРЫ ТАБЫШМАК БОЙДОН КАЛУУДА


Иран "aл-Kаида" террорчул уюмунун айрым жогорку даражалуу өкүлдөрү камакта отурганын биринчи ирет моюнга алды. Тегеран камактагылардын ысымдарын атаган жок. Ирандык расмий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, алардын айрымдары Иранда сот жообуна тартылышы мүмкүн, айрымдары өз мекенине өткөрүлүп берилет. Ал эми Тегеранды террорчуларга башпаанек бергени үчүн айыптап жүргөн АКШнын пикиринде, бул жаңылык Иранда аль-каидачылар арбын экенин айгинелегенсиди. Бирок, Вашингтон Тегерандын маалыматынын чын-төгүнүн ырастай албайсын билдирди.

"ал–Каида" террорчул уюмунун Иранга коңшу Ооганстанда орун–очок алышына шарт түзүп берген Талибан режими бийликтен кулатылганына эки жылга чукулдап калды. Андыктан, ушул жагдайды эске алганда Ирандын жогорку даражалуу «ал-Каидачыларды» камакка алганын эми гана ачык моюндап жатышы баяндамачылар тарабынан өзгөчө белгиленүүдө. АКШнын Ооганстандагы аскерий операциялары учурунда "ал-Каиданын" ал жердеги базаларына олуттуу сокку урулуп, террордук түйүн чачыраганы менен анын Усама бин Ладен баш болгон жетекчилери таптырбай кеткени маалым. Вашингтон Тегеранды террорчуларга, анын ичинде Ооганстандан оогон “ал-Kаидачыларга” башпаанек бергени үчүн айыптап жүрөт. Эң соңку ирeт АКШнын президенти Жорж Буш ушул аптанын башында эле Иранды жана Сирияны террорчуларды жашырууну улантып жатканы үчүн күнөөлөгөн болчу.

Шаршемби күнү Ирандын коопсуздук министри Али Йунуси өкмөт жыйынынан кийин кабарчыларга алар Талибан режими кулагандан бери көп сандагы «ал-Каидачыларды» камакка алганын, бир канчасы өлкөдөн чыгарылганын, бир тобу камакта отурганын жана алардын ичинде жогорку даражалуулары да, катардагы мүчөлөрү да бар экенин билдирди. Бирок министр камактагылардын ысымдарын атоодон баш тартты.

Мурдарак иран бийликтери камакта аты –жөнү так аныктала элек, аз сандагы «ал-Каидачылар» бар экенин маалымдап келишкен эле. Жыл башында Иран "ал-Каиданын" 500 дөй мүчөсү өз мекендерине - Европа, Африка жана араб өлкөлөрүнө депортацияланганын билдирген.

Тегеран камактагылардын ысымын атабагандыктан, бул багытта түрдүү жоромолдор айтылууда. Терроризм маселесине адистешкен шотландиялык белгилүү эксперт Пол Вилкинсон мындай дейт:

- Көп айтылып келген ысымдардын бири - "ал-Кайиданын" басма сөз катчысы Сулайман Абу Гайс. Ал "ал-Каидадагы" экинчи адам Айман аз-Завахириге жакын болгондуктан, даражасы жогору деп эсептелип жүрөт. Бул жерде Айман аз-Завахири өзү да ирандыктар тарабынан кармалды деген жоромолдор айтылган. Бирок муну ырастаган кабар болгон жок. Завахири "ал-Жазира" жана башка маалымат каражаттарына кайрылуу жиберип келгендиги жөнүндөгү факт менен да бул жоромол дал келбөөдө. Менин эсебимде, аз–Завахири азыр деле "ал-Каиданын" жетекчилигиндеги чечүүчү адам катары иш жүрүзүүгө жөндөмдүү.

Батыш маалымат агенттиктери камактагылардын арасында "ал-Каиданын" коопсуздук кызматын жетектеген Саиф ал-Адил болушу мүмкүн экенин кабарлашты. Ал эми "Вашингтон Таймс" гезитинин АКШнын чалгын кызматынын өкүлүнө шилтеме берип жазганына караганда, камалгандардын ичинде Усама бин Ладендин улуу уулу Саад бин Ладен да болушу ыктымал. Булар - азырынча жоромол иретинде гана айтылып жаткан маалыматтар. Ирандын ички иштер министри Абдулвахид Мусави Ларинин билдиргенине караганда, «ал-Каидачылардын» айрымдары Иранда сот жобуна тартылат, экинчилери өздөрү жараны болгон өлкөгө өткөрүлүп берилет, үчүнчүлөрү Иранга кайсы өлкөдөн кирсе, ошол жакка депортацияланат. Тегерандан түшкөн жаңылыкты комментарийлеп, Вашингтондон Ак үйдүн басма сөз катчысы Скотт МакКлеллан анын чын-төгүнүн тактай албасын, бирок маалымат АКШнын Иранда аль-каидачылар арбын деген ишенимин айгинелеп жатканын белгиледи:

- Бул билдирүү биздин жана башкалардын Иранда «ал-Каидачылар» анын ичинде жогорку даражалуу өкүлдөрү да арбын деген ишенимибизди ырастагандай болду. Биз ачык билдиргенбиз, ал террорчулар жоопко тартылышы керек.

С.МакКллеландын айтымында, Вашингтон үчүн Иран «ал-Каидачыларды» чындап кармаганы, же жөн эле аларды коргоо үчүн камакка отурууну сунуш кылганы түшүнүксүз.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG