Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:01

“УОТЕРГЕЙТ ЖАҢЖАЛЫ” “ЧУБАКТЫН КУНУНДАЙ ЭЛЕ” ЧУБАЛДЫ КӨРҮНӨТ


Тынчтыкбек Чоротегин, Прага шаары 1974-жылы АКШнын президенти Ричард Никсон өз кызматкерлеринин атаандаш Демократиялык партиянын кеңсесине уруксатсыз кирип, шайлоо өнөктүгү менен байланыштуу ишкагаздарын аңтаруу аракетинен улам келип чыккан чырды жаап-жашыра койом деп, бийлигинен кол жууган эле. Эми Никсондун мурдагы жардамчысы Жеб Стюарт Магрудер мырза бул саясий колу туткактыкка барууга президент Никсон өзү буйрук берген деп чыкты. Анын сөзүнө ишенбегендер да аз эмес.

29 жыл илгери, 1974-жылдын 8-августунда, АКШ президенти Ричард Никсон кызматтан чегинүүгө мажбур болгон. Эгерде президент мындай кадамга барбаса, анда ага каршы импичмент жарыяланып, АКШ Конгресси аны айыпкер табышы ыктымал болчу. АКШ Конгрессинин төмөнкү палатасы - Өкүлдөр үйү Никсонго импичмент жарыялаар алдында турган. Республикачы Никсон өзүнүн өкмөтүнүн кызматкерлеринин атаандаш Демократиялык партиянын баш кеңсесине тымызын кирип, даректүү кагаздарды уруксатсыз иликтөө аракетин жаап-жашырган деген доого кабылып жаткан.

Бул окуя 1972-жылы президенттикке шайлоо өнөктүгү курч жүрүп жаткан кезде орун алган. Вашингтондо “Уотергейт” имаратында оппозициядагы Демократиялык партиянын Улуттук комитетинин кеңсеси жайгашкан. Кеңсеге 17-июнда беш киши уруксатсыз кирген жеринен камакка алынган.

1973-жылы Ричард Никсон президенттикке кайра шайланган, бирок андан көп узабай, “Уотергейт жаңжалы” ырбап, өз бийик чекитине кийинки жылдын жай айларында жеткен.

1974-жылдын августунда президент Никсон үчүн өтө татаал күндөр башталды. Эгерде парламенттин төмөнкү палатасы импичмент жараянын баштачу болсо, анда Конгресстин жогорку палатасы – Сенат Никсонду соттоого тийиш эле.

“Уотергейт жаңжалы” атка конгон бул чуулгандуу иш президенттин өз кызматынан ыктыярдуу кетиши менен басаңдаган, бирок ага таптакыр чекит коюуга болбостугу соңку окуялар аркылуу айгинеленүүдө.

1972-жылы президент Никсондун кайра шайланышы үчүн өнөктүк жүргүзгөн топтун жетекчисинин орун басары болуп иштеген киши - Жеб Стюарт Магрудер жакында баарын таң калтырган билдирүү менен чыкты. Магрудердин айтымында, тээ 1972-жылы эле президент Никсон өз жардамчыларына буйрук берип, атаандаш Демократиялык партиянын президенттикке шайлоо үчүн жүргүзүп жаткан камылгаларын тымызын үйрөнүү тапшырмасын берген экен.

Магрудердин бул мойнуна алуусу америкалык коомчулукта айран таң калууну, жекирүүнү, ишенбөөчүлүктү жана кызыгууну туудурууда. Шарлоттесвил шаарчасындагы Виржиния университетинин профессору Ларри Сабато өзүнүн таң калуусун мындайча билдирет:

- Никсон эми бу дүйнөдө жок. Бул жаңжалга тийешеси бар башка олуттуу ишмерлер да дүйнөдөн өткөн. Анан капысынан эле Магрудер мырза, өтө олуттуу кылмыш иши боюнча айыптуу деп табылып, абак мөөнөтүн өтөп чыккан киши, -анын үстүнө, ал - ошол өткөн окуяга күбө болушу ыктымал болгон көзү тирүү көзгө басар киши, - эми Никсондун былык-чылыгын ого бетер чукугандай бир нерсени жеңил-желпи эле айтып жатпайбы!

АКШ Конгрессинде Миннесота штатынан жыйырма жылдай мүчө болгон саясатчы Билл Френзелдин буга жакын оюн да тааныштыра кетели:

- Мен үчүн таң калычтуу нерсе – бүт эл отуз жыл илгери билүүгө ушунчалык ынтызар болгон иштин чоо-жайына Магрудердин эми гана ишаара кылып, азыр гана ашкерелеген кебин айтып чыкканы. Мынча убакыттан бери бул маселе жетишээрликтей эле козголуп келбеди беле.

Френзел мырза журналисттерди да сындай кетти. Анын оюнча, кабарчылар маселенин башкы өңүтүн кубалабай эле, саясатчынын майда-чүйдө ката сөзүн кармоо үчүн жанталашып келишет. Мунун айынан Ак Үйдүн басма сөз катчылары ого бетер өз сөзүн аңдып, коомчулукка азыраак маалымат берүүгө аракеттенүүдө, калк болсо өз өкмөтүнүн ички турмушун ого бетер аз билип калды.

Профессор Сабато мындай ойго макул эмес. Анын пикирине караганда, “Уотергейт жаңжалы” маалымдуулукка кененирээк жол ачты:

- “Уотергейт жаңжалынын” жакшы жагы төмөнкүдөй болду: ал өкмөт менен саясий чөйрөнүн көпчүлүккө көмүскө тармагынын пардасын сыйырып салды. Маалыматтын көбүрөөк айтылышы аны жаап-жашыруудан алда-канча дурус экенине көзүбүз жетти. Өкмөттү маалымдуулук шартында тутуу - башкаруу системасындагы коррупцияга каршы күрөштүн мыкты каражаты экени айгинеленди.

Сабато өкмөткө таптакыр эле шектенүү менен мамиле кылуу жарабастыгын, бирок өкмөт өкүлү айткан сөзгө сын көз менен кароо зарылдыгын да унуткарбоо керектигин айтат.

Дал ушул сөз Жеб Стюарт Магрудердин маркум Никсон жөнүндөгү жаңы “ачылышына” да төп келчүдөй. Бир чети, анын сөзү жөн жерден чыкпашы деле ыктымал, бирок, экинчи чети, маркумдардын эч кимиси туруп келип, өз таламын талаша албаган жана башка да далилдер сунушталбаган чакта, анын сөзүн кашкайган чындык катары кабыл алууга да мүмкүн эместей.
XS
SM
MD
LG