Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:24

Украина Зеленскийге кол салууну көздөгөн эки полковник кармалганын билдирди


Владимир Зеленский жана Василий Малюк. Архивдик сүрөт.
Владимир Зеленский жана Василий Малюк. Архивдик сүрөт.

Украинанын Коопсуздук кызматы «украин президентин өлтүрүүнү көздөгөн» Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) беш агентин аныктаганын жана Украинанын Мамлекеттик күзөт башкармалыгынын эки полковнигин колго түшүргөнүн бүгүн 7-майда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, алар украин президенти Владимир Зеленскийди, өлкөнүн аскердик-саясий жетекчилигинин башка да өкүлдөрүн жок кылуу планын түзүшкөн, көзөмөлдү Москвадан жүргүзүп турушкан, кармалган эки украин жараны Орусияга купуя маалыматтарды берип турушкан.

Зеленскийди кайтарган адамдарга жакын аскер кызматкерлерин издеп, кийин ошолор аркылуу президентти барымтага алып, өлтүрүүнү көздөшкөнү, Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысы Василий Малюкту, Башкы чалгын башкармалыгынын башчысы Кирилл Будановду да жок кылууну көздөшкөнү маалымдалды.

Өткөн айда Зеленскийди Польшага барганда өлтүрүүнү пландаган польшалык жаран кармалганы кабарланган.

Былтыр августта Зеленскийдин Николаев облусуна иш сапары учурунда ага кол салууну көздөгөн орусиялык аял колго түшүрүлгөнү белгилүү болгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG