Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:00

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ КАТТАМЫ, КАЗАК ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ, КУМТӨРДҮ БЕРГИСИ КЕЛБЕГЕН КЫРГЫЗСТАН


Жыргалбек Касаболотов, Бишкек шаары Бир топтон бери токтоп турган кыргыз-кытай унаа каттамы кайрадан калыбына келтирилди. Казакстандын өкмөтү атайын токтом чыгарып, 15-октябрга чейин, башкача айтканда түшүм жыюу өнөктүгү аяктагыча Кыргызстан тарапка күйүүчү май ташып өткөрүүгө тыюу салды. Мындан ары электр кубаты үчүн акы төлөбөгөндөр сот жообуна тартылмак болду. «Камеко» компаниясынын «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоо тууралуу сунушун Кыргызстан четке какты.

Бул аптада Бишкекте Кытай Эл Республикасынын Шиңжаң уйгур автономиялык районунун Унаа департаменти менен Кыргызстандын Унаа жана байланыш министрлигинин ортосунда транспорт каттамдарын калыбына келтирүү тууралуу макулдашуу кабыл алынды. Макулдашууга ылайык эки өлкө ортосунда унаа 11-августтан баштап үзгүлтүксүз каттайт. Андан тышкары, эл жана жүк ташыган автоунаалар чек арага чейин тартип коргоо кызматкерлеринин коштоосу менен жеткирилип турат.

Эки өлкөнүн ортосундагы жол каттамдары 27-мартта болгон Бишкек-Торугарт окуясынан кийин жана Кытайда пайда болгон өнөгөсүз өпкө илдетинен улам сээлдеп калган. Кыргыз өкмөтү өнөгөсүз өпкө оорусуна байланыштуу чек араны убактылуу жабуу жөнүндө 12-майда буйрук берип, аны 3-июлда жокко чыгарган. Ал эми 14-июндан тартып эки өлкөнүн ортосундагы каттамдарга жаңы виза тартиби киргизилген.

Жакында Казакстандын өкмөтүнүн токтомуна ылайык 15-октябрга чейин Кыргызстан тарапка күйүүчү май ташып өткөрүүгө тыюу салынды. Мындай чечимге Казакстанда түшүм жыйноо өнөктүгүнө карата күйүүчү май топтоо зарылдыгы себеп болду. Алдын-ала маалымат боюнча, казак өкмөтү өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине, Бажы агенттигине, облустардын жана райондордун акимдерине бул токтом боюнча катуу көрсөтмө берген.

Дегинкисин казак өкмөтү мындай ыкманы күзгү өнөктүк жакындаган сайын эки-үч жылдан бери колдонуп келатат. Ал эми Кыргызстандын тиешелүү ишканалары күйүүчү майдын зарыл болгон өлчөмүн топтоп алганга жетиштиби-жокпу – азырынча белгисиз. Мунайзаты менен жаратылыш газы дээрлик жокко эсе мамлекет үчүн энергетика тармагы дале болсо татаал маселелерден болуп турат. Көзгө басаар көзүр болгон электр энергетика тармагы менчиктештирилип, ар кайсы компанияга бөлүнгөндөн бери электр пайдалангандардан электр акысын алуу мурдагыдан бетер кыйындады. Андыктан мындан ары электр кубаты үчүн акы төлөбөгөндөр сот жообуна тартылат. 30-июлда өткөн өкмөт жыйынында ушундай чечим кабыл алынды.

Албетте, бул деле айла кеткендеги жорук. Энергетика боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Уларбек Матеевдин маалыматы боюнча, электр кубатын керектөөчүлөрдүн карызы үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна карата 2 млрд. 705 млн. сомду түздү. Ушул эле мезгилге карата Кыргызстандагы электр кубатын бөлүштүрүүчү компаниялардын «Электр станциялары» акционердик коомуна болгон карызы 1 млрд. 560 млн. сом болду.

Ал арада «Камеко» компаниясынын «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоо тууралуу сунушун Кыргызстан четке какканы белгилүү болду. Бул туурасында 31-июлдагы өкмөт жыйынында премьер-министр Николай Танаев мындай деп билдирүү жасады:

- Канаданын «Камеко» компаниясынын «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоо тууралуу сунушун Кыргызстан кабыл алган жок. Өкмөттүк комиссия «Камеконун» жана «Кумтөр Голд компанинин» «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоо сунушун карап көрүп, жыйынтыгын чыгарып берди. «Камеконун» мындай сунушун биз кабыл албайбыз.

Өкмөт башчысынын айтымында, «Камеконун» сунушуна жооп катары президент Аскар Акаевдин жана «Кыргызалтын» акционердик коомунун жетекчиси Камчыбек Кудайбергеновдун колдору коюлган расмий кат «Камеконун» жетекчилигине жөнөтүлдү. Анткен менен «Кумтөрдүн» активдерин аныктоо боюнча иштер улантыла беремекчи.

Дүйнөдөгү ири 10 кендин бири болгон «Кумтөр» кенин реструктуризациялоо сунушу менен Канаданын «Камеко» компаниясы былтыр сентябрда кыргыз өкмөтүнө кайрылган. Каржы министрлигинин эсебинде, анын акысына канадалыктар 57,6 млн. доллар, «Кыргызалтындын» эсебинде - 170 млн. доллар берүүгө ниеттенген. Кен казылгандан бери Кыргызстан 52 млн. доллар пайда тапкан. Айрым байкоочулардын пикиринде, кыргыз өкмөтүнүн бул сунуштан баш тартышына келишим долбоорунун массалык маалымат каражаттарына чыгып кетиши негизги себеп болгон. Кандай болгон күндө да, кыргыз өкмөтү өз өлкөсүндөгү эксперттердин айткандарына көбүрөөк кулак төшөй баштаганы байкалат.

XS
SM
MD
LG