Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:57

Нарын АЙЫП, Прага Элүү миллион калкы бар Украинада сегиз миллион орус жашайт. Өлкө 12 жылдан бери эгемендүү болгонуна карабай, орустардын көпчүлүгү украин тилин үйрөнүүнү каалабайт жана кээ бир саясатчылардын пикиринде, Украинада кош-атуулдук киргизилип, орус тилине расми макам берилүүгө тийиш.

Орус саясатчылары жана өзгөчө диний жетекчилер Украинанын борбору Киев шаарын орустардын байыркы мамлекетинин өрчүгөн жери деп эсептейт жана илгертен украин тилин өз алдынча тил эмес, орус тилинин бир диалекти катары көрсөтүп келген. Бирок 1991-жылы СССР чачырап, Украина өз алдынча мамлекет болгондон кийин, орус тилинин ал диалектин үйрөнүүнү калабастан, орустар аны татаал тил экен деп да айта баштады. Украин тилин билүүнү талап кылган эрежелерди болсо айрым саясатчылар - адам укуктарын бузуу деп эсептейт.

Кээ бир Балтик жумурияттарындагыдай, мамлекеттик кызматка орношуу үчүн Украинада азыр украин тили боюнча экзамен тапшыруу керек, бирок орустар андай сыноодон өтүүнү каалабайт жана кызматка алынбай калганын дагы кийин адам укуктарынын бузулушу катары көрсөтөт. Дүйнөнүн кайсы болбосун мамлекетинде жергиликтүү тилди билүү катардагы талап жана андай талап кайсы болбосун жаранга коюлат. Чет өлкөлөрдөн Украинага көчүп келгендер дагы украин тилин үйрөнүүгө тийиш жана өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин айтымында, бул жагынан Украинада эч кимге каршы өзгөчө талап коюлган жок. Украина жана башка мурдагы советтик жумурияттарда жашаган орустар болсо өздөрүн чет өлкөлүк деп эсептебейт жана бул маселе акыркы мезгилде кош-жарандуулук жана кош-тилдүүлүк проблемалары менен байланыштырылып келет.

Көпчүлүк мурдагы советтик жумурияттар эгемендүүлүккө жеткенден кийин, тургундарынын баарына өз жарандыгын берген. Бирок Украинада жашаган орустар, мисал үчүн, Украинанын жараны болуп туруп, украин тилин үйрөнүүнү каалабагандыктан, өлкөдө орус тилине дагы мамлекеттик макам берилишин жана кош-жарандуулуктун киргизилишин талап кылат. Айрым учурларда ага маскөөлүк пропаганда дагы шыкак болот, анткени мурдагы советтик жумурияттарда жашаган орус тилдүүлөр менен байланыштуу ар бир маселени ал эл аралык деңгээлге көтөрөт.

Украин саясатчыларынын айтымында болсо, эгер өлкөдө кош-атуулдук киргизилип, орус тили расми тилге айланса, анда өлкөдө жашаган орустардын көпчүлүгү "бешинчи колоннага" айланат. Киев шаарындагы Мамлекеттүүлүк жана демократия борборунун деректири Иван Лозовыйдын пикиринде, кош жарандуулук азыр болбосо да, кийин бир топ маселелерге себеп болушу мүмкүн:

"Эгер кош-жарандуулук киргизилсе, Украинада жашаган орус жарандары бешинчи колонна катары бааланышы мүмкүн жана ал абалды бир топ бейстабилдештириши ыктымал. Дароо эле ошентип кетет деп мен айта албайм, бирок келечекте андай абал бир кыйла коркунуч түзүшү мүмкүн".

Анткен менен, эгер Маскөө тараптан кандайдыр бир демилге көтөрүлүп же колдоо көрсөтүлбөсө, Украинанын өзүндөгү орустардын талабы менен орус тилине өлкөдө макам берилбей тургандай. Мисал үчүн, орусташкан Донецк шаарында былтыр орус тилине макам берүүнү талап кылган митинг өткөрүлгөндө, ага эки миң гана киши катышкан. Шаар жана анын айланасында болсо үч миллиондон ашык адам жашайт.

Украинанын жарандыгын алуу үчүн же илгертен өлкө аймагында жашагандардын тукуму болууга тийиш же болбосо адам өзү Украинада акыркы беш жыл жашаш керек. Бирок Кырым татарларына артыкчылык берилет жана 1944-жылы Кырымдан куулуп чыккандардын балдары мекенине кайтып келебиз дегендер украин жарандыгын оңой эле ала алат.
XS
SM
MD
LG